Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-августу № 482
“Ош шаардык мамлекеттик дезинфекция станциясы” мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруу жөнүндө
“Ош шаардык мамлекеттик дезинфекция станциясы” мамлекеттик ишканасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ош шаардык мамлекеттик дезинфекция станциясы” мамлекеттик ишканасы “Ош шаардык алдын алуучу дезинфекция станциясы” мамлекеттик мекемесине (мындан ары - мамлекеттик мекеме) өзгөртүп түзүү жолу менен кайра уюштурулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги белгиленген тартипте:
- кайра уюштурулган юридикалык жактын өткөрүп берүү актысын бекитсин;
- бир айлык мөөнөттө мамлекеттик мекеменин Уставын иштеп чыксын жана бекитсин;
- мамлекеттик мекемени юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоодон өткөрсүн;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка зарыл чараларды көрсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |