ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-августундагы № 483 «Чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасындагы ардактуу консулдук кызмат адамдарынын жана мындай кызмат адамдары башчылык кылуучу консулдук мекемелердин ишинин тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому

Редакция15.08.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 15-августу № 483

Чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасындагы ардактуу консулдук кызмат адамдарынын жана мындай кызмат адамдары   башчылык кылуучу консулдук мекемелердин ишинин тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

1963-жылдын 24-апрелиндеги Консулдук мамилелер жөнүндө Вена конвенциясынын жоболоруна, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасындагы ардактуу консулдук кызмат адамдарынын жана мындай кызмат адамдары   башчылык кылуучу консулдук мекемелердин ишинин тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

С.Ш.Жээнбеков