Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-августу № 492
2017-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо жөнүндө
Пенсионерлердин жашоо деңгээлин андан ары колдоону камсыздоо максатында, «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду:
- 2017-жылдын 1-октябрынан тартып «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 2017-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрү 1,05 индексациялоо коэффициентине, бирок 240 (эки жүз кырк) сомдон кем эмес индексациялансын;
- пенсиялардын өз убагында кайра эсептелишин жана алардын жаңы өлчөмдө төлөнүшүн камсыз кылсын.
2. I топтогу майыптардын жалпы пенсиясынын өлчөмү мурдакы календардык жылда иш жүзүндө түзүлгөн пенсионердин жашоо минимумунун (мындан ары - ПЖМ) көлөмүнөн төмөн эмес белгиленсин:
- 2016-жылдын 1-октябрынан тартып 31-декабрына чейин дайындалган пенсиялар үчүн - 2015-жылдагы ПЖМнын көлөмүнөн төмөн эмес;
- 2017-жылы дайындалган пенсиялар үчүн - 2016-жылдагы ПЖМнын көлөмүнөн төмөн эмес.
I топтогу майыптын жалпы пенсиясынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген үстөк акыларды жана компенсациялык төлөмдөрдү эске албастан аныкталат.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2016-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирүүчү 2-пунктунан тышкары, 2017-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |