Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-августу № 501
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 224 "Юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө, мумие камтыган минералдык сырьего жана козу карындарга келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмүн эсептөөнүн таксаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын аймагында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоону күчөтүү, жаратылышты пайдаланууну жүзөгө ашырууда белгиленген тартипти сактоо үчүн жоопкерчиликти жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 224 "Юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө, мумие камтыган минералдык сырьего жана козу карындарга келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмүн эсептөөнүн таксаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |
Тиркеме
|
| "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 224 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмүн эсептөөнүн ТАКСАЛАРЫ
Жаныбарлардын түрлөрүн (балыктан башкасын) фото-видео аппаратурага тартып алып, интернет ресурстарына, жалпыга маалымдоо каражаттарына жайгаштыруу менен мыйзамсыз олжолоо (атып алуу, кармап алуу), ошондой эле күтүү, пайдалануу, ташып киргизүү жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары ташып чыгаруу, продукцияларды ташуу, сатып алуу, сатуу, сактоо, сатып-өткөрүү, кайра иштетүү жана жок кылуу үчүн: | ||
№ | Жаныбарлардын түрлөрү (түрчөлөрү) | Жашына, көлөмүнө, салмагына карабастан ар бир жаныбар (башы, териси, 1 даана) үчүн таксалардын өлчөмү (сом менен) |
| Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген: | |
Сүт эмүүчүлөр | ||
1 | Илбирс | 1500000 |
2 | Кулжа (аркар), күрөң аюу, бугу (марал), жейрен | 1000000 |
3 | Кызыл карышкыр, мадыл, сүлөөсүн | 50000 |
4 | Суусар, чаар күсөн | 10000 |
5 | Мензбир сууру | 20000 |
6 | Брандтын кирписи, жейре узун ийнелүү кирпи | 6000 |
7 | Суу чычкан, кол канаттар түркүмү же жарганаттар (бухара така тумшуктуу жарганат жана кичине така тумшуктуу жарганат, жазы кулак жарганат, ак боор жебе кулак жана кош эрин жарганат), кичине кош аяк, секиргич кош аяк | 3000 |
Канаттуулар | ||
1 | Жылкычы чулдук | 6000 |
2 | Ак кунас | 30000 |
3 | Кара кунас | 30000 |
4 | Ителги | 250000 |
5 | Кидик кара каз | 5000 |
6 | Бүркүт | 100000 |
7 | Көк жору | 100000 |
8 | Кумай | 100000 |
9 | Таз кара | 100000 |
10 | Тоодак | 200000 |
11 | Жорго тоодак | 200000 |
12 | Ак канат тоңкулдак | 3000 |
13 | Чоң чаар тоңкулдак | 3000 |
14 | Каркыра | 15000 |
15 | Шумкар | 250000 |
16 | Куркулдак ак куу | 25000 |
17 | Боздон кулаалы | 100000 |
18 | Коркоо шакылдак | 100000 |
19 | Кидик бүркүт | 100000 |
20 | Кара куш | 100000 |
21 | Чуйлу сымал бүркүтү | 100000 |
22 | Ак куйруктуу суу бүркүт | 100000 |
23 | Узун куйрук суу бүркүт | 100000 |
24 | Тармал бир казан | 50000 |
25 | Кызгылт бир казан | 50000 |
26 | Чаар бүркүт | 100000 |
27 | Боздон күйкөсү | 20000 |
28 | Ак төш кара боор бүлдүрүк | 20000 |
29 | Кара боор бүлдүрүк | 20000 |
30 | Ак баштуу өрдөк | 20000 |
31 | Кыл куйрук бүлдүрүгү | 20000 |
32 | Ылаачын | 250000 |
33 | Орок тумшук чулдук | 25000 |
34 | Ак кажыр | 100000 |
35 | Шахин | 250000 |
36 | Балыкчы куш | 100000 |
37 | Тарпчы | 100000 |
38 | Безбелдек | 200000 |
39 | Кара кур | 25000 |
40 | Кара канаттуу ача чулдук | 3000 |
41 | Чыбый кыргый | 100000 |
42 | Үкү | 30000 |
43 | Фламинго | 70000 |
44 | Каткырыкчы чардак | 3000 |
45 | Ак каз чумкуч өрдөк | 6000 |
Амфибиялар жана сойлоочулар | ||
1 | Боз эчки эмеер | 25000 |
Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилбеген | ||
1 | Доңуз | 50000 |
2 | Теке | 100000 |
3 | Элик | 50000 |
4 | Сайгак | 100000 |
5 | Корсак же кичине түлкү, түлкү, кашкулак (европа кашкулагы жана тяньшан кашкулагы) | 6000 |
6 | Суугунду, солонгой | 6000 |
7 | Ондатра, суурлар | 3000 |
8 | Ач күсөн, чоң арыс чычкан, арыс чычкан, тыйын чычкан, коён, чоң кош аяк жана барак бут кош аяк | 5000 |
9 | Көгүчкөндөр, бактектер, чулдуктар, суу канаттуусу, бөдөнө | 1500 |
10 | Каздар | 6000 |
11 | Чилдер | 2000 |
12 | Үкүлөр, жырткыч канаттуулар | 10000 |
13 | Улар | 6000 |
14 | Өрдөктүн бардык түрлөрү, кашкалдак | 1500 |
15 | Кыргоол | 5000 |
16 | Кытандар, кол букасы | 3000 |
Эскертүү:
1. Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлардын түрлөрүн (балыктан башкасын) фото-видео аппаратурага тартып алып, интернет ресурстарына, жалпыга маалымдоо каражаттарына жайгаштыруу менен мыйзамсыз олжолоо (атып алуу, кармап алуу), ошондой эле күтүү, пайдалануу, ташып киргизүү жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары ташып чыгаруу, продукцияларды ташуу, сатып алуу, сатуу, сактоо, сатып-өткөрүү, кайра иштетүү жана жок кылуу үчүн айыптын өлчөмү үч эсе көбөйөт.".