Сравнение редакций…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 509 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу "Кыргыз автобекети" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
1. Жалпы жоболор
1. Бул Устав Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу "Кыргыз автобекети" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) ишин жөнгө салат.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасы катышкан жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ошондой эле ушул Уставга таянат.
3. Ишкананын уюштуруу документи болуп Устав эсептелет.
4. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эсептелет.
5. Ишкананын ишин Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги (мындан ары - Министрлик) жалпы жетектейт жана координациялайт.
6. Ишкананын толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу "Кыргыз автобекети" мамлекеттик ишканасы;
расмий тилде: Государственное предприятие "Кыргыз автобекети" при Министерстве транспорта и дорог Кыргызской Республики.
Ишкананын кыскача аталышы:
- мамлекеттик тилде: КР ТЖМ "КА" МИ;
- расмий тилде: ГП "КА" МТД КР.
7. Ишкана өз алдынча юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча балансы болот жана Кыргыз Республикасынын банктарында белгиленген тартипте алыш-бериш, валюталык жана башка эсептерин ачат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлүп, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, штампы, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана башка атрибуттары болот.
8. Ишкана жарандык укуктарга ээ болот, мамлекеттин менчигинде турган жана Ишканага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чарба жүргүзүү укугунда бекитип берилген мүлккө ээ болот.
9. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана жеке укуктарды алууга, сотто тарап катары катышууга укуктуу.
10. Ишкана менчик ээсинин макулдугу менен иши Ишкананын уставдык максаттарына жана милдеттерине шайкеш келген филиалдарды түзүүгө, бирикмелерге, фонддорго, союздарга, ассоциацияларга жана башка коммерциялык эмес уюмдарга катышууга укуктуу.
11. Ишкананын юридикалык дареги: 720030, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чымкент көчөсү, 1.
2. Ишкананын максаты, милдеттери жана функциялары
12. Ишкананын максаттары болуп жүргүнчүлөргө жана автожүк ташуучуларга керектүү шарттарды түзүү, ошондой эле киреше алуу саналат.
13. Ишкананын негизги милдеттери:
- жүргүнчүлөрдү ташуу жана автобустук маршруттарды тейлеген ташуучуларга кызматтарды көрсөтүү, кирешелүүлүктү арттыруу үчүн бардык кызматтардын натыйжалуу иштөөсүн камсыздоо;
- автобекеттердин ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон материалдык-техникалык базаны түзүү;
- Ишкананын рентабелдүүлүгүн жана кирешесин көбөйтүү;
- автобекеттердин кызматкерлери үчүн, алардын натыйжалуу иши үчүн шарттарды түзүү, ишкананын эмгек жамаатынын ар бир мүчөсүнүн социалдык жана экономикалык кызыкчылыктарын коргоо;
- Ишкананын кызматтарынын ишин өркүндөтүү, аймагынын, имараттарынын, жайларынын абалын жакшыртуу, өндүрүштүк процесстерди башкаруунун заманбап технологияларын киргизүү;
- Ишкананын экономикалык туруктуулугун камсыз кылуу жана кирешесин көбөйтүү үчүн аймакты, жайларды, инженердик коммуникацияларды натыйжалуу пайдалануу.
14. Ишкана милдеттерин аткаруу максатында төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- шаардын тегерегине жүрүүчү, шаар аралык жана эл аралык каттамдарда жүрүүчү автобустарды пайдаланган жүргүнчүлөр үчүн республиканын ичинде да, республиканын чегинен сыртта да ыңгайлуулуктарды түзүү боюнча автобекеттердин иштерин уюштуруу, ошондой эле жүргүнчүлөр топтолгон жерлерде белеттерди сатуу боюнча иштин үзгүлтүксүздүгүн камсыздоо жана каттамда жүрүүчү ар бир автобустун ишине диспетчердик контролду камсыздоо;
- жүргүнчүлөрдүн киришинде жана чыгышында коопсуздукту камсыз кылуу;
- туруктуу каттамдар боюнча жүргөн автобустарга белеттердин касса аркылуу өз убагында жана толугу менен сатылышын уюштуруу жана контролдоо, ошондой эле жүргүнчүлөргө автобустук ташууларды уюштуруунун баардык маселелери боюнча кеңири маалымат берүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жүргүнчүлөрдүн жана Ишкананын муктаждыгын канааттандыруу жана камсыз кылуу үчүн коммерциялык иш жүргүзүү;
- каттамдарда жүргүнчүлөрдүн келим-кетимин талдоо, жаңы туруктуу жана сезондук каттамдардын ачылышына байланыштуу Министрликке автобустардын жүрүшүн оптималдаштыруу боюнча сунуштарды киргизүү;
- автобустук каттамдарда алардын жүрүү расписаниелерине жана графиктерине жараша жүргүнчүлөрдү тейлөө;
- автобустардын рейске өз убагында келишин жана жөнөтүлүшүн контролдоо;
- жаңы автобекеттерди куруу, иштеп жаткан автобекеттерди, ошондой эле кошумча кызматтарды кеңейтүү жана реконструкциялоо, өндүрүштүк процесске автоматташтыруу жана механизация каражаттарын киргизүү;
- менчигинин формасына карабастан ташуучулар, туруктуу автобустук каттамдарды тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоого конкурстардын (тендерлердин) жеңүүчүлөрү менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келишимдерди түзүү;
- рейстин алдында автобустарга күндөлүк техникалык кароону (жүрүүнүн коопсуздугун камсыз кылуучу тетиктерин жана агрегаттарын текшерүүнү), айдоочуларга медициналык кароону, рейске чыгаардын алдында автобустардын ички жана тышкы абалына текшерүүнү уюштуруу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган иштин башка түрлөрү.
15. Ишкана иш жүзүндөгү чыгымдарга жараша, Ишкананын кызыкчылыгын эске алуу менен же кардар менен түзүлгөн келишимдин негизинде ар кандай кызмат көрсөтүүлөрдү өз алдынча белгилеген баалар жана тарифтер боюнча сунуштайт.
3. Ишкананын укуктары
16. Ишкана коюлган милдеттерди аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте төмөнкүлөргө укуктуу:
- өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды алууга;
- сотто доочу же жоопкер болууга;
- башка юридикалык жактар жана жеке адамдар менен белгиленген тартипте эсептешүүлөрдү, анын ичинде нак эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө;
- финансылык-кредиттик мекемелерде финансылык операцияларды жүргүзүүгө;
- Ишкананын уставдагы максаттарына, милдеттерине жана функцияларына ылайык юридикалык жактар менен алардын уюштуруу-укуктук формаларына карабастан, ошондой эле жеке адамдар менен бүтүмдөрдү түзүүгө;
- Ишкананын ишине байланыштуу маселелерди чечүү үчүн Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкары ишкер байланыштарды жүргүзүүгө, кызматкерлерди чет өлкөлөргө иш сапарга жөнөтүүгө жана чет өлкөлүк өнөктөрдү Кыргыз Республикасында кабыл алууга.
17. Эгерде бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Ишкананын Уставына каршы келбесе Ишкана менчик ээсинин макулдугу менен ушул Уставда каралбаган башка укуктарды жана милдеттенмелерди алышы мүмкүн.
4. Ишкананын түзүмү
18. Ишкананын түзүмү башкы Ишканадан жана филиалдардан турат.
19. Ишкананын филиалдары болуп төмөндөгүлөр эсептелет:
- "Чыгыш автовокзалы" филиалы;
- "Ысык-Көл автовокзалы" филиалы;
- "Нарын автовокзалы" филиалы;
- "Ош автовокзалы" филиалы;
- "Жалал-Абад автовокзалы" филиалы;
- "Талас автовокзалы" филиалы.
Башкы Ишкананын башкаруу схемасы, түзүмү, чыгымдар жана кирешелер сметасы, штаттык расписаниеси Министрлик тарабынан бекитилет.
20. Ишкананын филиалдары юридикалык жак болуп саналбайт жана филиалдар жөнүндө жоболордун негизинде иштешет. Филиалдардын банктарда эсептери, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде көрсөтүлгөн штамптары жана мөөрү болот.
21. Филиалдардын директорлору кызматка Ишкананын башкы директору тарабынан дайындалышат жана бошотулушат.
5. Ишкананын башкаруу органдары
22. Ишкананын ишин кызматка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу башкы директор башкарат.
23. Ишкананын башкы директору жана башкы бухгалтери Ишкананын финансылык каражаттарынын жана мүлкүнүн туура эсепке алынышы жана максаттуу пайдаланылышы үчүн жооптуу болушат.
24. Ишкананын башкы директору;
- Ишкананын өндүрүштүк-эксплуатациялык, финансылык-экономикалык жана чарбалык ишин жалпы жетектейт;
- Министрликке отчет берет жана Ишкананын алдына коюлган милдеттердин аткарылышы жана анын ишинин натыйжасы үчүн жоопкерчиликтүү болот;
- Уюштуруучунун жана Министрликтин чечимдеринин аткарылышын камсыз кылат;
- Ишкананын атынан ишеним катсыз иш жүргүзөт, республиканын баардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында анын атынан чыгат, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш эсептерин ачат, банктык, финансылык документтерге жана келишимдерге кол коёт;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде Ишкананын бардык кызматкерлерине, филиалдардын директорлоруна аткаруу үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышына текшерүүнү уюштурат;
- Ишкананын башкы директорунун орун басарларынын, башкы бухгалтеринин ыйгарым укуктарын аныктайт;
- филиалдарды ачуу жөнүндө чечим чыгарат;
- филиал жөнүндө жоболорду жана Ишкананын кызматкерлеринин иш режимин бекитет;
- Ишкананын филиалдарынын кирешелер жана чыгымдар сметасын, түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитет;
- Ишкананын кызмат орундарынын номенклатурасын, Ишкананын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Ишкананын кызматкерлерине сыйлоо жана тартиптик таасир этүү чараларын колдонот;
- мыйзамдар, рыноктун конъюнктурасы, иштөө шарттары өзгөргөн учурларда Министрликке ушул Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу сунуш киргизет;
- жылдык өндүрүштүк-финансылык планды, жылдык балансты, финансылык-чарбалык иш жөнүндө отчетторду белгилеген тартипте Министрликтин кароосуна жана бекитүүсүнө сунуштайт;
- Министрликке болжолдуу финансылык-чарбалык көрсөткүчтөр жана башка болгон зарыл маалыматты өз убагында берилип турушун камсыздайт;
- бекитилген жылдык өндүрүштүк-финансылык пландардын жана көрсөткүчтөрдүн аткарылышын камсыз кылат;
- Ишкананын милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн зарыл болгон башка иштерди аткарат.
25. Башкы директордун эки орун басары болот, анын бирөө биринчи орун басар болот.
Башкы директордун орун басарлары кызматка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте дайындалышат жана бошотулушат.
Башкы директордун орун басары:
- Ишкананын компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга катышат, башкы директор менен анын орун басарларынын ортосунда милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык аларга жүктөлгөн ыйгарым укуктардын чегинде Ишкананын ишин башкарышат.
Башкы директор жок учурда анын функцияларын башкы директордун тийиштүү буйругунун негизинде жана ал буйрукта көрсөтүлгөн мезгил ичинде башкы директордун биринчи орун басары аткарат.
Башкы директор жок учурда Ишкананын финансылык документтерине кол коюу укугу башкы директордун тийиштүү буйругунун негизинде башкы директордун биринчи орун басарына берилет.
6. Ишкананын мүлкү, финансы жана пайданы бөлүштүрүү
26. Ишкананын мүлкү ага ишкердик жүргүзүү үчүн бекитип берилген.
27.Ишкананын мүлкү негизги жана жүгүртүүчү каражаттарынан турат жана Ишканага чарба жүргүзүү укугунда бекитип берилген.
28. Ишкана ага чарба жүргүзүү укугунда бекитип берилген мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укуктарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана уюштуруучу тарабынан белгиленген чектерде ишке ашырат.
29. Ишкана мүлктү уставдык максаттарга жана иштин предметине ылайык, экономикалык жактан максатка ылайыктуулугун жана уюштуруучунун кызыкчылыктарын эске алуу менен пайдаланат.
30. Уюштуруучунун макулдугу болмоюнча Ишкана ага чарба жүргүзүү укугунда таандык болгон кыймылсыз мүлктү сатууга, күрөөгө коюуга, чарбалык коомдордун жана шериктештиктердин уставдык капиталына салым (пай) катары салууга же башка жол менен тескөөгө укугу жок.
31. Ишкана тарабынан финансылык-чарбалык иштен жана башка булактардан түшкөн кирешенин эсебинен курулган же алынган мүлк мамлекеттик менчикке алынат жана ага чарба жүргүзүү укугунда бекитип берилет.
32. Жылдык финансылык-чарбалык иштин жыйынтыгында ишкананын таза кирешесинин 50 пайызынан кем эмеси мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алыш-бериш эсебине которулуп, андан ары республикалык бюджетке кириштелүүгө тийиш.
7. Ишканадагы эсеп, пландоо жана отчет
33. Ишкана өзүнүн ишин өз алдынча иштеп чыккан жана Министрлик тарабынан бекитилген иш пландарынын негизинде жүргүзөт. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бухгалтердик эсеп жана статистикалык отчет жүргүзөт.
34. Ишкананын иши Кыргыз Республикасынын тиешелүү контролдоочу мамлекеттик органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык текшерилет.
8. Ишкананы өзгөртүп түзүү жана жоюу
35. Ишкананы өзгөртүп түзүү же жоюу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
36. Ишкана өзгөртүп түзүлгөн же жоюлган учурда иштен бошотулган кызматкерлерге компенсация төлөнүп берилет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка жеңилдиктер жана гарантиялар берилет.
37. Ишкананын иш процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ