Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-июлу № 423
2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 82-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттары, анын ичинде 2018-2020-жылдарга бюджетти түзүү үчүн контролдук цифралар тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана башка бюджеттик уюмдар;
- 2017-жылдын 4-августуна чейин 2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттарынын негизинде Кыргыз Республикасынын 2018-2020-жылдарга республикалык бюджетинин долбоорун, анын ичинде программалык негизде түзүү үчүн зарыл маалыматтарды иштеп чыгышсын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине беришсин;
- 2018-2020-жылдарга чыгымдардын сметаларынын долбоорлорун түзүүдө контролдук цифралардын сакталышын камсыздашсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2017-жылдын 15-сентябрына чейинки мөөнөттө "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | С.Ш.Жээнбеков |