Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 84 токтомуна ылайык)
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-августу № 522
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-июнундагы № 418 "Иштин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Салык төлөө жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, салык төлөөчүлөрдүн маданиятын жогорулатуу максатында, жарандардын (жеке адамдардын) кирешелерин жалпы декларациялоого өтөөрдүн алдында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 353-беренесинин 1-бөлүгүнө жана 354-беренесинин 1-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-июнундагы № 418 "Иштин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген иштин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасы төмөнкүдөй мазмундагы 82-пункт менен толукталсын:
"
82 | Шайлоо кампанияларын жүргүзүү мезгилинде шайлоо алдындагы үгүттөө иштерин жүргүзүү боюнча саясий партиялардын жана талапкерлердин атынан чыгуучу байкоочулар, ыйгарым укуктуу өкүлдөр, ишенимдүү адамдар катары иштерди аткаруучу жеке адамдардын кызмат көрсөтүүлөрү | 94.92.0 | 700 |
";
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу, Премьер-министринин милдетин аткаруучу |
| М.Абулгазиев |