Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-октябры № 649
"Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу" долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кайра кредитке берилген мамлекеттик карыз каражаттарын суу пайдалануучулар бирикмелери (ассоциациялары) жана суу пайдалануучулар ассоциацияларынын союздары тарабынан кайтарууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кайра кредитке берилген мамлекеттик карыз каражаттарын суу пайдалануучулар ассоциациялары жана суу пайдалануучулар ассоциацияларынын союздары тарабынан кайтарууну камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги - аткаруучу агенттиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги - кредит берүүчү, суу пайдалануучулар ассоциациялары жана суу пайдалануучулар ассоциацияларынын союздары - "Айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу" долбоору боюнча алынган кредитти төлөөдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кепилдигин макулдашуу боюнча берген карыз алуучулар болуп аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги суу пайдалануучулар ассоциациялары жана суу пайдалануучулар ассоциацияларынын союздары менен тиешелүү кредиттик келишимдерди төмөнкү шарттарда түзсүн:
- карыз алуучу кредиторго ички чарбалык сугат тутумдарындагы курулуш жумуштарынын акыркы наркынын 25 пайызына барабар болгон карыздын суммасын курулуш бүткөндөн кийин 1 жылдык жеңилдетилген мөөнөтү менен 7 жылдын ичинде кайтарып берет;
- карыз алуучу кредиторго техникалык кредиттин наркынын 50 пайызына барабар болгон карыздын суммасын техника алынган күндөн тартып 1 жылдык жеңилдетилген мөөнөтү менен 7 жылдын ичинде кайтарып берет;
- карыздык каражаттардын эсебинен сатылып алынган транспорт каражаты, жер казуучу жана айыл чарба техникасы күрөөлүк камсыздоо болуп аныкталсын;
- кредитти төлөө пайызсыз негизде квартал сайын бирдей төлөм менен жүзөгө ашырылат;
- каражат өз убагында төлөнбөгөн учурда финансылык айыптар - жылына 6 пайыз;
- реабилитациялоо иштери боюнча алынган кредитти төлөө үчүн белгиленген тартипте кепилдик берилет.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги:
- реабилитациялык иштерди жүргүзүүгө жана техникалык кредитти берүүгө чейин кредиттик келишимдерге кол коюуну камсыз кылсын;
- көрсөтүлгөн долбоорлордун алкагында бөлүнгөн каражаттардын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышын камсыз кылсын;
- суу пайдалануучулар ассоциацияларынын жана суу пайдалануучулар ассоциацияларынын союздарынын ишин координацияласын жана долбоорду ишке ашыруунун алкагында аларга зарыл жардамдарды берсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |