Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-октябры № 651
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районундагы Айдаркен шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине "Коммунальщик-Айдаркен" ачык акционердик коомунун акцияларын өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районундагы Айдаркен шаарынын жашоо-турмуш системасын натыйжалуу иштетүү жана өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Айдаркен шаардык кеңешинин 2017-жылдын 19-июнундагы № 2 токтомун көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Баткен облусунун Кадамжай районундагы Айдаркен шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине "Коммунальщик-Айдаркен" ачык акционердик коомунун акцияларынын 95 пайызын белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Баткен облусунун Кадамжай районундагы Айдаркен шаарынын мэриясына "Коммунальщик-Айдаркен" ачык акционердик коомунун акцияларынын 95 пайызын муниципалдык менчикке кабыл алуу сунушталсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө, экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |