Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-октябры № 661
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-июлундагы № 126 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиясы жөнүндө жобону, Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамды стажировкадан өткөрүү тартиби жөнүндө жобону жана Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензиянын колдонулушун токтото туруу тартибин бекитүү тууралуу" токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8 жана 10-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-июлундагы № 126 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиясы жөнүндө жобону, Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамды стажировкадан өткөрүү тартиби жөнүндө жобону жана Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензиянын колдонулушун токтото туруу тартибин бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| С.Исаков |