Загрузка документа…
КР 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 83 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2002-жылдын 21-июну N 106
КЫРГЫ3 РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ
"Кыргыз Республикасында менчикти мамлекеттен ажыратуунун, приватташтыруунун жана ээлик кылуунун жалпы башталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу
1-статья.
"Кыргыз Республикасында менчикти мамлекеттен ажыратуунун, приватташтыруунун жана ээлик кылуунун жалпы башталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1991-жыл, N 22, 694-ст.) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар кыл жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Экономика боюнча мамлекеттик комитети" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр менен алмашылсын.
2. 31, 38, 43-статьялар, 45-статьянын 2-пунктунун экинчи абзацы жана 46-статья алынып салынсын.
2-статья.
Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти А.Акаев
2002-жылдын 28-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны
тарабынан кабыл алынган