Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫ3 РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ
Бишкек шаары, 2002-жылдын 8-июлу № 115
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-жыл, N 7, 229-ст.) төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 18-статьянын экинчи бөлүгүндөгү "Он төрт жашка толгон" деген сөздөр "Кылмыш жасаганга чейин он төрт жашка толгон" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 123-статьяда:
үчүнчү бөлүк "каралган жосундар" деген сөздөрдөн кийин "акча алуу максатында же башка жеке кызыкчылыктан жаш балага (кызга) карата, же" деген сөздөр менен толукталсын;
үчүнчү бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"он жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.";
эскертүү төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Он төрт жашка толо элек адам жаш бала (кыз) деп эсептелет.".
2-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Акаев |
|
|
|
2002-жылдын 6-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган |