Редакцияот 12.07.2002
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫ3 РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ

 

2002-жылдын 12-июлу № 118

 

2000-жылдын 25-майындагы балдардын куралдуу

чыр-чатактарга катышуусуна тиешелүү бала укуктары

жөнүндө Конвенцияга карата Факультативдик протоколго

жана балдарды сатууга, балдардын сойкулугуна жана

балдардын порнографиясына тиешелүү бала укуктары

жөнүндө Конвенцияга карата Факультативдик

протоколго Кыргыз Республикасынын

кошулуусу тууралу

 

 

2002-жылдын 4-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны

тарабынан кабыл алынган

 

2002-жылдын 3-июлунда Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйыны

тарабынан жактырылган

 

1-статья.

 

2000-жылдын 25-майындагы балдардын куралдуу чыр-чатактарга катышуусуна тиешелүү бала укуктары жөнүндө Конвенцияга карата Факультативдик протоколго жана балдарды сатууга, балдардын сойкулугуна жана балдардын порнографиясына тиешелүү бала укуктары жөнүндө Конвенцияга карата Факультативдик протоколго кошулсун.

 

2-статья.

 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 2000-жылдын 25-майындагы балдардын куралдуу чыр-чатактарга катышуусуна тиешелүү бала укуктары жөнүндө Конвенцияга карата Факультативдик протоколго жана балдарды сатууга, балдардын сойкулугуна жана балдардын порнографиясына тиешелүү бала укуктары жөнүндө Конвенцияга карата Факультативдик протоколго Кыргыз Республикасынын кошулгандыгы тууралу грамоталарды депозитарий болуп саналган Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына депонирлесин.

 

3-статья.

 

Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти А.Акаев