Загрузка документа…
КЫРГЫ3 РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ
2002-жылдын 23-июлу № 121
Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 4-июлундагы № 95, 2024-жылдын 19-мартындагы № 71, 2025-жылдын 9-октябрындагы № 208 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзамдын максаты финансылык ижара - (мындан ары - лизинг) негизинде инвестициялардын формаларын өнүктүрүү, менчик укугун, инвестиция процессине катышуучулардын укуктарын коргоо, инвестициялоонун натыйжалуулугун камсыз кылуу болуп саналат.
Ушул Мыйзамда лизингдин укуктук жана уюштуруу-экономикалык өзгөчөлүктөрү аныкталган.
1-Бөлүм
Жалпы жоболор
1-статья. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
1. Ушул Мыйзамдын колдонулуу чөйрөсү жеке жана юридикалык жактарга убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга берилген, жер участоктору (башка жаратылыш объекттеринен тышкары) кошо кирген колдонулбоочу буюмдарга кирүүчү мүлк лизинги болуп саналат.
2. Лизинг боюнча укуктук мамилелер Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, ушул Мыйзам, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чыгарылган башка ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынат.
3. Эгерде Кыргыз Республикасынын Мыйзамда белгиленген тартипте ратификацияланган эл аралык келишиминде ушул Мыйзамда каралгандардан башка эрежелер аныкталса, эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.
(КР 2005-жылдын 4-июлундагы № 95, 2024-жылдын 19-мартындагы № 71 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылды:
лизинг - лизинг келишимин ишке ашырууга, анын ичинде лизинг предметин сатып алууга байланыштуу келип чыккан экономикалык жана укуктук мамилелердин жыйындысы;
лизинг келишими - ушул келишимге ылайык ижарага берүүчү (мындан ары - лизинг берүүчү) ижарага алуучу (мындан ары - лизинг алуучу) тарабынан көрсөтүлгөн мүлктү өзү (лизинг алуучу) аныктаган сатуучудан менчикке сатып алууга жана лизинг алуучуга ал мүлктү акы төлөп убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга берүүгө милдеттенген келишим.
Мында лизинг келишими төмөнкүдөй бир же андан көп белгилерди камтууга тийиш, алар:
- лизинг келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин лизингдин предмети лизинг алуучунун менчигине өтөт;
- лизинг келишиминде лизинг алуучунун лизингдин предметин лизинг келишими аяктагандан кийин лизинг келишиминде көрсөтүлгөн баа боюнча сатып алуу укугу каралган;
- лизинг келишиминин мөөнөтү лизингдин предметинин экономикалык кызмат өтөө мөөнөтүнүн төрттөн үчүнөн ашык эмес (мындай учурда менчик укугу лизинг алуучуга өткөрүп берилбеши мүмкүн);
- рыноктук ставка боюнча аныкталган лизингдик төлөмдөрдүн суммасы лизингдин предметинин наркынын 90 процентинен кем эмес болууга тийиш;
- лизингдин предмети негизги каражат болуп эсептелет жана өзгөчө мүнөзгө ээ, ошондуктан аны лизинг алуучу гана орчунду модификациялоосуз пайдалана алат.
Лизинг келишиминде сатуучуну жана сатып алынуучу мүлктү лизинг берүүчүнүн тандоосу каралышы мүмкүн.
лизинг иши - лизинг келишими боюнча лизинг берүүчүнүн менчик жана/же заемдук каражаттарын инвестициялоого багытталган инвестициялык ишмердиктин түрү.
(КР 2005-жылдын 4-июлундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-статья. Лизингдин предмети
1. Керектелбөөчү бардык буюмдар, анын ичинде: ишканалар жана башка мүлктүк комплекстер, имараттар, курулмалар, жабдуулар, транспорт каражаты жана башка кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр лизингдин предмети болушу мүмкүн.
2. Жер участокторунан башка жаратылыш объекттери, ошондой эле эркин жүгүртүү үчүн же жүгүртүүнүн өзгөчө тартиби белгиленген мүлк үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган мүлк лизинг предмети боло албайт.
(КР 2005-жылдын 4-июлундагы № 95, 2024-жылдын 19-мартындагы № 71 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
4-статья. Лизинг субъекттери
1. Төмөнкүлөр лизингдин субъекттери болуп саналат:
- лизинг берүүчү - лизинг келишимин ишке ашыруунун жүрүшүндө тиешелүү лицензиясынын негизинде мыйзамдарда белгиленген тартипте мүлктү өзүнүн жана/же заемдук каражаттардын эсебинен менчикке сатып алып жаткан жана аны белгилүү бир мөөнөткө жана белгилүү бир шарттарда белгилүү бир акыга лизинг алуучуга лизинг предмети катары убактылуу ээлик кылууга жана лизинг предметине менчик укугунун лизинг алуучуга өтүүсү менен же өтпөстөн пайдаланууга берип жаткан юридикалык жак;
- лизинг алуучу - лизинг келишимине ылайык лизинг предметин белгилүү бир мөөнөткө белгиленген акыга жана белгиленген шарттарда лизинг келишимине ылайык убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга кабыл алууга милдеттүү болгон юридикалык жак (анын ичинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын ведомстволук мекемелери), жеке жак, жеке ишкер;
- сатуучу - лизингдин предмети болгон мүлктү белгиленген мөөнөттө лизинг алуучуга сатуучу жеке адам же юридикалык жак.
Лизинг предметине карата лизинг алуучунун жана лизинг берүүчүнүн милдеттенмелерин айкалыштырууга жол берилбейт.
(КР 2005-жылдын 4-июлундагы № 95, 2024-жылдын 19-мартындагы № 71, 2025-жылдын 9-октябрындагы № 208 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
5-статья. Лизинг компаниялары
1. Лизинг компаниясы - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана өзүнүн уюмдаштыруу документтерине ылайык лизинг берүүчүнүн ишин аткаруучу коммерциялык уюм (Кыргыз Республикасынын резиденти жана резиденти эмес).
2. Юридикалык, жеке жактар лизинг компанияларынын уюмдаштыруучулары болушу мүмкүн (Кыргыз Республикасынын резиденти жана резиденти эмес).
21. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча ачык акционердик коом формасында мамлекеттик лизинг компаниясы түзүлүшү мүмкүн.
3. Лизинг компаниясы - Кыргыз Республикасынын резиденти эмес Кыргыз Республикасынын аймагында лизингдик иш жүргүзүүчү чет өлкөлүк юридикалык жак.
4. Лизинг компаниясы юридикалык жактардын (Кыргыз Республикасынын резиденттеринин жана резидент эместеринин) улуттук жана чет өлкөлүк валютадагы каражаттарын Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте лизинг ишин жүзөгө ашыруу үчүн тартууга укуктуу;
5. Төмөнкүлөр лизинг компанияларынын уюштуруучулары боло албайт:
а) оффшордук зоналардын аймагында жашаган жана/же катталган жеке жана юридикалык жактар;
б) тизмеси террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлүүчү, алар боюнча террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралдарды таратууга, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкандыгы жөнүндө маалыматтар бар жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын санкциялык тизмектеринде турган жеке жана юридикалык жактар жана/же катышуучу катары аффилирленген жактары бар жактар.
Лизинг субъекттери террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жана Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
(КР 2024-жылдын 19-мартындагы № 71, 2025-жылдын 9-октябрындагы № 208 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
5-1-статья. Лизинг ишин лицензиялоо жана жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган
1. Лизинг иши Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутумунун чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык лицензияланууга тийиш. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген орган лицензиар болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндө турган юридикалык жактарды кошпогондо, юридикалык жактар жүзөгө ашыруучу лизинг ишин жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ыйгарым укук берген орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндөгү жактар жүзөгө ашыруучу лизинг ишин жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан банк мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
(КР 2024-жылдын 19-мартындагы № 71 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-статья. Лизингдин классификациялык белгилери
(КР 2005-жылдын 4-июлундагы № 95 Мыйзамына ылайык күчүн жоготкон)
7-статья. Лизингдин формалары жана түрлөрү
Ички лизинг - лизингдин формасы, мында лизинг берүүчү жана лизинг алуучу Кыргыз Республикасынын резиденттери болушат.
Эл аралык лизинг - лизингдин түрү, мында лизинг берүүчү жана лизинг алуучу Кыргыз Республикасынын резиденттери болушпайт.
Кайтарымдуу лизинг - лизингдин түрү, мында сатуучу ишкердик максатта лизингдик бир укуктук мамиленин чегинде бир эле учурда лизинг алуучу катары чыга алат. Ошол эле учурда ишкердик максатта жеке ишкерлер жана юридикалык жактар (анын ичинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын ведомстволук мекемелери) гана кайтарымдуу лизингдин катышуучулары боло алышат.
Сублизинг - лизингдин түрү, мында лизинг алуучу (лизинг берүүчү) ушул Мыйзамга жана лизинг келишимине ылайык мурда лизинг берүүчүдөн лизинг келишими боюнча алынган жана лизингдин предметин түзгөн мүлктү сублизинг келишимине ылайык акы жана мөөнөт менен үчүнчү жакка (сублизинг алуучуга) убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга өткөрүп берет. Мында сублизинг берүүчү жана сублизинг алуучу лизинг берүүчү жана лизинг алуучу катары чыгышат жана ушул Мыйзамда лизингдик бүтүмдүн ушул катышуучулары үчүн аныкталган укуктарга ээ болушат жана милдеттерди алышат. Сублизинг келишиминин мөөнөтү лизинг келишиминин мөөнөтүнөн ашпоого тийиш.
Экинчи лизинг - лизингдин түрү, мында лизинг берүүчүнүн менчигинде калган лизингдин предмети лизинг келишими токтотулган же бузулган учурда ушул Мыйзамга ылайык башка лизинг алуучуга лизингге берилет. Лизингдин мындай предметин лизингге кийинки берүүдө сатуучуну жана лизингдин предметин лизинг берүүчү тандаган деп эсептелет.
(КР 2005-жылдын 4-июлундагы № 95, 2024-жылдын 19-мартындагы № 71, 2025-жылдын 9-октябрындагы № 208 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2-Бөлүм
Лизингдик иштин укуктук негиздери
8-статья. Лизинг келишиминин мазмуну
1. Лизинг келишими жазуу жүзүндө түзүлөт. Лизинг келишими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө жана мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш.
2. Лизинг келишиминин олуттуу шарттары төмөнкүлөр болуп саналат:
- аталышы, ошондой эле лизинг предметин айырмалоо үчүн тактап жазуу;
- тараптардын лизинг предметинин сатып алуу жана өткөрүүгө байланыштуу укуктары жана милдеттери;
- лизинг төлөмдөрүн чегерүүнүн тартиби, шарттары жана мөөнөттөрү;
- лизингдин предметин жана сатуучуну тандоочу жакты көрсөтүү.
(КР 2005-жылдын 4-июлундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Эскертүүсү: Берилген Мыйзамдын 8-статьясынын абзацтарынын саны расмий тилдеги тексттин 8-статьясынын абзацтарынын санына дал келбейт.
9-статья. Лизинг келишимин өзгөртүү жана ажыратуу
Лизинг келишимин өзгөртүү жана бузуу лизинг келишиминде же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана учурларда ишке ашырылат.
(КР 2005-жылдын 4-июлундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
10-статья. Лизинг берүүчүнүн укуктары жана милдеттери
Лизинг берүүчү төмөнкүлөргө укуктуу:
а) мөөнөтү өтүп кеткен өзүнө тиешелүү лизингдик төлөмдөрдү, ошондой эле чыгымдардын ордун толтурууну талап кылууга;
б) лизинг алуучунун ишинин лизингдин предметине жана лизинг алуучу тарабынан лизинг келишими боюнча милдеттенмелердин аткарылышына тиешелүү бөлүгүнө контролдукту жүзөгө ашырууга;
в) лизинг алуучу тарабынан лизинг предметин кайтаруу боюнча милдеттенмелер бузулган учурда мөөнөтү өткөн убакыт үчүн төлөмдөрдү төлөөнү жана чыгымдардын ордун толтурууну талап кылууга;
г) лизинг алуучудан анын финансылык абалына контролдукту жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон жазуу формасындагы маалыматтарды талап кылууга;
д) лизинг предметине бул предмет лизинг берүүчүнүн менчиги болуп саналаарын жана лизинг келишимине ылайык ал лизинг алуучунун ээлигинде тургандыгын жана пайдаланылып жаткандыгын күбөлөндүргөн маркалоо укугуна;
е) ушул Мыйзамда каралган учурларда лизинг алуучудан лизинг предметин талап кылууга.
2. Лизинг берүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
а) сатуучудан лизинг алуучу менен макулдашылган лизинг предметин менчикке сатып алууга жана аны лизинг келишиминде айтылган шарттарда убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга лизинг алуучуга өткөрүп берүүгө;
б) лизинг предметин алгандан кийин ал белгилүү бир жакка (лизинг алуучуга) лизингге өткөрүп берүү үчүн арналгандыгын сатуучуга жазуу жүзүндө маалымдоого;
в) экинчи лизингде тийиштүү келишимине кол коюлган учурдан баштап 30 күндүн ичинде сатуучуга лизинг алуучунун өзгөргөнү жөнүндө кабарлоого.
3. Лизинг берүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана лизинг келишиминде белгиленген башка укуктарга жана милдеттерге ээ болушу мүмкүн.
(КР 2005-жылдын 4-июлундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-статья. Лизинг алуучунун укуктары жана милдеттери
1. Лизинг алуучу төмөнкүлөргө укуктуу:
а) лизинг келишиминин шарттарында лизинг предметине ээлик кылууга жана пайдаланууга;
б) лизингдин предметин сатуучуга (жөнөтүүчүгө) сапатына, комплектүүлүгүнө жана берүү мөөнөтүнө карата талаптарды жана сатуучу (жөнөтүүчү) менен лизинг берүүчүнүн ортосунда соода-сатык келишиминде белгиленген жана башка талаптарды түздөн-түз коюуга;
в) лизинг предметинен баш тартууга болбосо лизинг предметин алмаштырууну же талап кылууга, лизинг предмети берилбеген учурда, мөөнөтү өтүп же лизинг предмети тиешелүүлүгү боюнча пайда алууга тоскоолдук кылган оңдолбогон кемчиликтери менен берилген учурларда лизинг келишимин бузууга укуктуу, мында лизинг алуучу тарабынан товар берүүчүнү тандаган учурду кошпогондо, лизинг келишиминде каралган шарттардагы багыт боюнча болушу керек эгер лизинг келишиминде башкача каралбаса;
г) эгерде лизинг келишиминде башкасы каралбаса, лизинг келишими токтотулгандан кийин лизинг алуучунун өз каражаттарынын эсебинен лизинг берүүчүгө макулдашуу менен жүргүзүлгөн лизингдин предметин жакшыртуунун наркынын ордун толтуруп берүүнү талап кылууга;
д) эгерде лизинг келишиминде каралган пайдалануу шартына жооп бербестен начарлап кетсе лизинг төлөмдөрүнүн суммасын тиешелүү азайтууну талап кылууга эгер лизинг келишиминде башкача каралбаса;
е) лизинг келишими боюнча алынган лизинг предметин лизинг берүүчүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу, ошону менен бирге эле лизинг келишими боюнча анын алдында жоопкерчиликтүү бойдон калуу менен үчүнчү жакка сублизингге берүүгө, мында лизинг предметин ижарага берүү мөөнөтү лизинг жөнүндө келишимдин иш-аракеттеги мөөнөтүнөн ашпоого тийиш.
2. Лизинг алуучу төмөндөгүлөргө милдеттүү:
а) эгерде ал лизинг жөнүндө келишимдин шарттарына жооп берсе, лизинг предметин кабыл алууга жана лизинг жөнүндө келишимге ылайык багытталышына жараша лизинг предметин пайдаланууга;
б) эгерде лизинг жөнүндө келишимде башкасы каралбаса, өз каражатынын эсебинен лизинг предметин техникалык жактан тейленүүсү, аны капиталдык жана утурумдук ремонттон өткөрүүнү (анын ичинде лизинг предметине байланыштуу тиешелүү коммуналдык төлөмдөрдү төлөөнү), жүзөгө ашырууга;
в) лизинг берүүчүгө анын финансылык абалына контролдукту жүзөгө ашыруу үчүн маалыматтарды берүүгө;
г) эгерде келишимде жана Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында башкасы каралбаса, лизинг берүүчүгө лизинг предметине тоскоолсуз кирүүнү камсыз кылууга, ошондой эле өз убактысында лизинг берүүчүнүн суроо-талабы боюнча лизинг предметинин техникалык абалы жөнүндө суроо-талап түшкөн күнү жазуу жүзүндө маалыматты берүүгө;
д) лизинг келишими токтотулган учурда лизинг берүүчүгө лизингдин предметин нормалдуу пайдалангандыкты эске алуу менен же лизинг келишиминде каралган баштапкы калыбында кайтарып берүүгө.
3. Лизинг алуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана лизинг келишиминде белгиленген башка укуктарга жана милдеттерге ээ болушу мүмкүн.
(КР 2005-жылдын 4-июлундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
12-статья. Сатуучунун укуктары жана милдеттери
1. Сатуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана соода-сатык же жөнөтүү келишимине ылайык укуктарга жана милдеттерге ээ болот.
2. Лизинг алуучу лизинг келишиминин предмети болуп саналган мүлктү түздөн-түз сатуучуга, сатуучу менен лизинг берүүчүнүн ортосунда түзүлгөн соода-сатык келишиминен улам келип чыккан талаптарды, атап айтканда, мүлктүн сапатына жана комплектүүлүгүнө, аны жөнөтүүнүн мөөнөттөрүнө жана сатуучу тарабынан келишимдин тиешелүү түрүнүн аткарылышына байланыштуу талаптарды түздөн-түз коюуга укуктуу. Мында лизинг алуучу лизинг берүүчүнүн макулдугусуз сатуучу менен соода-сатык келишимин бузуу жана сатып алынган мүлккө акы төлөө милдеттенмесинен тышкары сатып алуучу үчүн каралган укуктарга ээ жана милдеттерди аткарат.
Сатуучу бир эле учурда лизинг берүүчүнүн жана лизинг алуучунун алдында бир эле зыян боюнча жоопкерчилик тартууга тийиш эмес.
3. Эгерде лизинг келишими лизинг берүүчүнүн, лизинг алуучунун жана сатуучунун катышуусунда түзүлгөн болсо, анда сатуучунун укуктары жана милдеттери лизинг келишимине ылайык белгиленет.
13-статья. Лизинг субъекттеринин жоопкерчиликтери
1. Лизинг берүүчүнүн, лизинг алуучунун жана сатуучунун жоопкерчиликтери лизинг келишими, соода-сатык келишими жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.
2. Лизинг предметин мүлктүк чыгымга учуроонун бардык түрүнөн сактоо үчүн, ошондой эле лизинг предметин иш жүзүндө кабыл алуу учурунан тартып жоголуп кетишине, жараксыз болуп калуусуна, уурдалып кетишине, сынып калышына, аны монтаждоо жана пайдалануу учурунда катачылыктарга жол берилишине байланыштуу тобокелдиктер үчүн жоопкерчилик, лизинг келишиминде башкасы каралбаса, лизинг алуучуга жүктөлөт.
3. Эгерде лизинг келишиминде башкасы каралбаса, сатуучу тарабынан милдеттенмелердин аткарылбай калышы же ойдогудай аткарылбай калуу коркунучу үчүн, лизинг келишиминде сатып алуучуну тандап алган тарап жооп берет.
4. Лизинг предметинен улам, же аларга байланыштуу келтирилген зыян үчүн үчүнчү жактын алдында лизинг берүүчүгө жоопкерчилик жүктөлүшү мүмкүн эмес.
5. Сатуучу менен мамилелерде лизинг алуучу жана лизинг берүүчү шериктеш кредиторлор катары иш алып барышат.
6. Эгерде лизинг алуучу лизинг предметин лизинг берүүчүгө өз учурунда кайтарбай койгондугу үчүн лизинг алуучу тарабынан үстөк айып төлөө каралган болсо, лизинг келишиминде башкасы каралбаса, кеткен чыгымдар лизинг алуучудан үстөк айыптан тышкары толук суммада өндүрүлүп алынышы мүмкүн.
(КР 2005-жылдын 4-июлундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
14-статья. Лизинг предметин өткөрүп берүү
1. Эгерде лизинг келишиминде башкача каралбаса, лизинг берүүчү лизинг предмети болуп саналган мүлктү лизинг келишиминдеги шарттарга жооп берген абалда жана ушул мүлктүн арналышына жараша анын бардык тиешелүүлүктөрү жана бардык документтери (техникалык паспорту жана башка) менен бирге, лизинг алуучуга өткөрүп берет.
15-статья. Лизинг учурунда менчикке карата мамилелер
1. Лизинг келишиминде лизинг предмети лизинг келишиминин мөөнөтүнүн бүтүшү менен же лизинг алуучу тарабынан лизинг келишиминде шартталган сатып алуу баасы төлөнгөн шартта анын мөөнөтү бүткөнгө чейин эле лизинг алуучунун менчигине өтөөрү каралышы мүмкүн.
Эгерде лизинг предметин сатып алуу жөнүндөгү шарт келишимде каралбаса, ал тараптардын кошумча макулдашуусу менен белгилениши мүмкүн, алар бул учурда лизинг предметин пайдалангандыгы үчүн мурда төлөнгөн акыны сатып алуу баасына эсептешүү жөнүндө келишүүгө укуктуу. Мыйзам тарабынан лизинг предметин сатып алууга тыюу салуу учурлары белгилениши мүмкүн.
2. Эгерде келишимде башкача белгиленбесе, лизинг предметине ээлик кылуу жана пайдалануу укугу, лизинг алуучуга толук өлчөмдө өтөт.
3. Лизинг алуучу банкрот болгон учурда, ошондой эле анын мүлкүнө арест коюлганда, конфискацияланганда же анын мүлкүнөн өндүрүп алынганда лизинг предмети лизинг алуучунун мүлкүнөн ажыратылат жана лизинг берүүчүгө кайтарылууга тийиш, ал аны өз каалоосу боюнча тескей алат.
4. Эгерде лизинг алуучу лизинг берүүчүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугусуз өз каражаттарынын эсебинен лизинг предметин жакшыртса жана аны лизинг предметине зыян келтирбестен бөлүп алууга мүмкүн болбосо, эгерде лизинг келишиминде башкача каралбаса, лизинг алуучу лизинг келишими токтотулгандан кийин ошого кеткен каражаттын ордун толтуруп берүүнү талап кылууга укугу жок.
5. Лизинг алуучу тарабынан лизинг предметине жүргүзүлгөн бөлүп алууга мүмкүн болгон жакшыртуу, эгерде лизинг келишиминде башкача каралбаса, анын менчиги болуп эсептелет.
16-статья. Лизинг берүүчүлөрдүн жана лизинг алуучулардын өз
укуктарын үчүнчү жактарга ыйгаруусу
1. Лизинг берүүчү лизинг алуучуга жазуу жүзүндө маалымдоо менен лизинг келишими боюнча өз укугун жана милдеттерин толугу менен же жарым-жартылай үчүнчү жакка ыйгарып бериши мүмкүн.
2. Лизинг алуучу лизинг берүүчүнүн жазуу жүзүндөгү уруксаты менен лизинг келишими боюнча өз укугун жана милдеттерин толугу менен же жарым-жартылай үчүнчү жакка ыйгарып бериши мүмкүн.
3. Лизинг предметине карата менчикке укук лизинг берүүчүдөн үчүнчү жакка өткөн учурда лизинг келишими жаңы ээлик кылуучу үчүн күчүндө калат.
17-статья. Лизинг предметин тейлөө
Эгерде бул лизинг берүүчү менен лизинг предметин сатуучунун (жөнөтүүчүнүн) ортосунда соода-сатык келишиминде каралган болсо, сатуучу тарабынан лизинг предметин кепилдик жана кепил мөөнөтү бүткөндөн кийин тейлөө жүргүзүлүшү мүмкүн.
18-статья. Лизинг келишиминин предметине укуктарды мамлекеттик
каттоо
1. Мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш болгон лизинг келишиминин предметине укук лизинг берүүчүнүн атына катталат, ал эми лизинг алуучу келишим предметин пайдалануучу катары катталышы мүмкүн. Лизинг келишиминин предметин каттоону жүргүзүүнүн тартиби жана шарттары тараптар тарабынан лизинг келишиминде белгиленет.
2. Тараптардын макулдашуусу боюнча лизинг берүүчүнүн атына лизинг келишиминин предметине укуктарды каттоо лизинг берүүчү тарабынан лизинг алуучуга ыйгарылып берилиши мүмкүн. Мында каттоо документтеринде мүлктүн менчик ээси жана ээлик кылуучу (пайдалануучу) жөнүндө маалыматтар сөзсүз көрсөтүлөт.
3. Лизинг келишими бузулган жана лизинг берүүчү лизинг предметин алып койгон учурда, лизинг берүүчүнүн арызы боюнча лизинг алуучуга лизинг келишиминин предметине укуктарды каттоону жүргүзүүчү мамлекеттик орган ээлик кылуучу (пайдалануучу) жөнүндө жазууга тиешелүү өзгөртүү киргизет.
19-статья. Лизинг предметин камсыздандыруу
Тараптар лизингдин предметин, ошондой эле лизинг келишимине байланыштуу башка тобокелдерди камсыздандыруунун бардык түрлөрүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жүзөгө ашырууга укуктуу.
(КР 2005-жылдын 4-июлундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
20-статья. Лизинг предметин күрөө катары пайдалануу
1. Лизинг берүүчү эгер лизинг келишиминде башкача каралбаса, лизинг алуучуга жазуу жүзүндө кабарлоо менен лизингдин предметин өз каалоосуна жараша пайдаланууга укуктуу.
2. Эгер лизинг келишиминде башкача каралбаса, лизинг алуучу лизинг берүүчүнүн макулдугу менен лизингдин предметин сублизингге берүүгө, лизинг келишими боюнча өзүнүн укуктарын жана милдеттерин башка жакка өткөрүп берүүгө, ошондой эле өзүнүн лизинг алуучулук укугун күрөөгө коюуга жана чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталына салым катары же өндүрүштүк кооперативге пайлык взнос катары кошууга укуктуу.
(КР 2005-жылдын 4-июлундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
21-статья. Лизингдик төлөмдөр
1. Лизинг келишими боюнча берилген лизингдин предметин пайдалангандык үчүн акыны лизинг алуучу лизинг берүүчүгө төлөнүүчү лизингдик төлөмдөр катары берет.
Лизингдик төлөмдөр лизинг алуучунун лизинг берүүчүгө лизингдин предметин алууга кеткен сарптоолорунун баарынан же көпчүлүк бөлүгүнөн, ошондой эле лизингдин предметин берүүгө жана аны арналышы боюнча пайдаланууга жарактуу абалга келтирүүгө байланыштуу башка сарптоолордон жана лизинг берүүчүнүн проценттик кирешесинен турат.
Лизингдик төлөмдөрдүн өлчөмү, ыкмасы, формасы жана мезгилдүүлүгү лизинг келишими менен белгиленет.
Эгерде лизинг алуучу жана лизинг берүүчү лизингдик төлөөлөр боюнча эсептешүүлөрдү лизинг предметинин жардамы менен өндүрүлгөн продукция (натуралай түрүндө) ишке ашырышса, анда бул продукцияга баа тараптардын макулдугу менен лизинг келишими боюнча аныкталат.
2. Эгерде лизинг келишиминде башкача каралбаса, лизинг алуучуга лизингдик төлөмдөрдү төлөө боюнча милдеттенме, лизинг алуучу лизинг предметин пайдалана баштаган учурдан тартып күчүнө кирет.
(КР 2005-жылдын 4-июлундагы № 95 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
22-статья. Лизинг компанияларынын эсепке алуусу жана отчеттуулугу
1. Лизинг предметин эсепке алуу жана амортизацияны эсептөө Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Лизинг компаниясы "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен отчеттуулуктун мөөнөттөрүнө жана формасына ылайык өзүнүн операцияларынын бухгалтердик эсебин жүзөгө ашырууга жана финансылык отчеттуулукту түзүүгө, ошондой эле финансылык отчеттуулукту жана аудитордук корутундуну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийине берүүгө милдеттүү.
3. Финансылык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн лизинг компаниялары өзүнүн капиталынын жетиштүүлүгүнүн пруденциялык ченемдерин, лизинг портфелинин ликвиддүүлүк ченемдерин жана сапат ченемдерин сактоого милдеттүү. Лизинг компанияларынын отчеттуулукту берүүсүнүн тартиби жана формалары, пруденциялык ченемдеринин маанилерин эсептөөнүн эрежелери жана усулдугу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
(КР 2025-жылдын 9-октябрындагы № 208 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
23-статья. Лизинг предметин кайрадан баалоо
Лизинг предметин жана ага эсептелген эскирүүнү кайрадан баалоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
24-статья. Талаш-тартыштарды чечүү тартиби
1. Лизинг келишиминин субъектилеринин ортосунда келип чыккан талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет.
3-Бөлүм
Корутунду жоболор
25-статья. Ушул Мыйзамды күчүнө киргизүү жөнүндө
1. Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү боюнча сунуштарды эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берсин;
- өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Акаев |
2002-жылдын 13-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган
|
2002-жылдын 3-июлунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйыны тарабынан жактырылган
|