КЫРГЫ3 РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ
2002-жылдын 23-июлу № 121
Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө
Ушул Мыйзамдын максаты финансылык ижара - (мындан ары - лизинг) негизинде инвестициялардын формаларын өнүктүрүү, менчик укугун, инвестиция процессине катышуучулардын укуктарын коргоо, инвестициялоонун натыйжалуулугун камсыз кылуу болуп саналат.
Ушул Мыйзамда лизингдин укуктук жана уюштуруу-экономикалык өзгөчөлүктөрү аныкталган.
1-Бөлүм
Жалпы жоболор
1-статья. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
1. Ушул Мыйзамдын колдонулуш чөйрөсү жеке жана юридикалык жактарга убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга берилген колдонулбаган буюмдарга (жер участокторунан жана башка жаратылыш объекттеринен тышкары) таандык мүлк лизинги болуп саналат.
2. Лизинг боюнча укуктук мамилелер Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, ушул Мыйзам, ошондой эле аларга ылайык чыгарылган башка ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынат.
3. Эгерде Кыргыз Республикасынын Мыйзамда белгиленген тартипте ратификацияланган эл аралык келишиминде ушул Мыйзамда каралгандардан башка эрежелер аныкталса, эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.
2-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылды:
лизинг - лизинг келишимин ишке ашырууга, анын ичинде лизинг предметин сатып алууга байланыштуу келип чыккан экономикалык жана укуктук мамилелердин жыйындысы;
лизинг келишими - ага ылайык ижарага берүүчү (мындан ары - лизинг берүүчү) ижарага алуучу (мындан ары - лизинг алуучу) тарабынан көрсөтүлгөн мүлктү өзү (лизинг алуучу) аныктаган сатуучудан менчикке сатып алууга жана лизинг алуучуга ал мүлктү акы төлөп убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга берүүгө милдеттенген келишим. Лизинг келишиминде сатуучуну жана сатып алынуучу мүлктү тандоо лизингге берүүчү тарабынан каралышы мүмкүн;
лизинг иши - лизинг келишими боюнча лизинг берүүчүнүн менчик жана/же заемдук каражаттарын инвестициялоого багытталган инвестициялык ишмердиктин түрү.
3-статья. Лизингдин предмети
1. Керектелбөөчү бардык буюмдар, анын ичинде: ишканалар жана башка мүлктүк комплекстер, имараттар, курулмалар, жабдуулар, транспорт каражаты жана башка ишкердик иш үчүн пайдаланылуучу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр лизингдин предмети болушу мүмкүн.
2. Жер участогу жана башка жаратылыш объекттери, ошондой эле эркин жүгүртүү үчүн же жүгүртүүнүн өзгөчө тартиби белгиленген мүлк үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган мүлк лизинг предмети боло албайт.
4-статья. Лизинг субъекттери
1. Төмөнкүлөр лизингдин субъекттери болуп саналат:
- лизинг берүүчү - ал менчик жана/же заемдук каражаттардын эсебинен келишимди ишке ашыруунун жүрүшүндө мүлктү менчикке сатып алуучу жана лизинг предмети катары аны белгилүү бир акыга белгилүү бир мөөнөткө жана белгилүү шартта лизинг алуучуга убактылуу ээлик кылууга жана лизинг предметине менчик укугун өткөрүп берүү же өткөрбөстөн пайдаланууга берүүчү жеке же юридикалык жак;
- лизинг алуучу - лизинг келишимине ылайык белгилүү бир акыга, белгилүү бир мөөнөткө жана белгилүү шартта лизинг келишимине ылайык убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга лизинг предметин алууга милдеттүү жеке же юридикалык жак;
- сатуучу - соода-сатык келишимине ылайык лизинг берүүчүгө лизинг предмети болуп саналган мүлктү шарттуу мөөнөткө сатуучу жеке же юридикалык жак. Сатуучу бир эле мезгилде бир лизингдик укук мамилесинин чегинде лизинг алуучу катарында чыга алат.
Лизинг предметине карата лизинг алуучунун жана лизинг берүүчүнүн милдеттенмелерин айкалыштырууга жол берилбейт.
5-статья. Лизинг компаниялары
1. Лизинг компаниясы - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана өзүнүн уюмдаштыруу документтерине ылайык лизинг берүүчүнүн ишин аткаруучу коммерциялык уюм (Кыргыз Республикасынын резиденти жана резиденти эмес).
2. Юридикалык, жеке жактар лизинг компанияларынын уюмдаштыруучулары болушу мүмкүн (Кыргыз Республикасынын резиденти жана резиденти эмес).
3. Лизинг компаниясы - Кыргыз Республикасынын резиденти эмес Кыргыз Республикасынын аймагында лизингдик иш жүргүзүүчү чет өлкөлүк юридикалык жак.
4. Лизинг компаниясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте лизингдик ишмердик жүргүзүү үчүн юридикалык жана/же жеке жактардын (Кыргыз Республикасынын резиденттери жана Кыргыз Республикасынын резиденттери эмес) каражаттарын тартууга укуктуу.
6-статья. Лизингдин классификациялык белгилери
Лизингдик бүтүм төмөндөгүдөй бир же бир нече белгилерге жооп берүүгө тийиш:
- лизинг келишиминин мөөнөтү аяктаганда лизингдин предмети лизинг алуучунун менчигине өтөт, мында лизинг алуучу лизинг предметин лизинг келишиминин мөөнөтү аяктагандагы калдык наркы боюнча сатып алууга укуктуу;
- лизинг келишиминин мөөнөтү лизинг предметинин экономикалык кызматынын мөөнөтүнүн төрттөн үчүнүн көбүн түзөт, мындай учурда лизинг алуучуга менчик укугу берилбеши мүмкүн;
- рынок чени боюнча эсептелген лизингдик төлөмдөрдүн суммасы келишимде көрсөтүлгөн лизинг предметинин наркынын 90 пайызынан кем болбошу керек.
7-статья. Лизингдин формалары
Ички лизинг жана эл аралык лизинг лизингдин негизги формалары болуп саналат.
Ички лизингди ишке ашырууда лизинг берүүчү жана лизинг алуучу Кыргыз Республикасынын резиденти болуп саналат.
Эл аралык лизингди ишке ашырууда лизинг берүүчү же лизинг алуучу Кыргыз Республикасынын резиденти эмес болуп саналат.
2-Бөлүм
Лизингдик иштин укуктук негиздери
8-статья. Лизинг келишиминин мазмуну
1. Лизинг келишими жазуу жүзүндө түзүлөт. Лизинг келишими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө жана мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш.
2. Лизинг келишиминин олуттуу шарттары төмөнкүлөр болуп саналат:
- аталышы, ошондой эле лизинг предметин айырмалоо үчүн тактап жазуу;
- тараптардын лизинг предметинин сатып алуу жана өткөрүүгө байланыштуу укуктары жана милдеттери;
- лизинг төлөмдөрүн чегерүүнүн тартиби, шарттары жана мөөнөттөрү.
9-статья. Лизинг келишимин өзгөртүү жана бузуу
1. Тараптардын биринин талабы боюнча лизинг келишими өзгөрүтүлүшү же Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары же келишим менен каралган учурда, соттук тартипте мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
2. Лизинг берүүчүнүн талабы боюнча сот тарабынан лизинг келишими мөөнөтүнөн мурда бузулушу, ал эми төмөнкүдөй учурларда лизинг предмети лизинг алуучунун эсебинен лизинг берүүчүгө кайтарылып берилиши мүмкүн:
а) эгерде лизинг алуучу лизинг предметин олуттуу түрдө начарлатып жиберген болсо;
б) эгерде лизинг алуучу лизинг предметинин лизинг келишиминин шарттарын же лизинг предметинин тиешелүүлүгүн бузуу менен пайдаланса жана мындай иш-аракеттерди токтотуу жөнүндөгү лизинг берүүчүнүн жазуу жүзүндөгү эскертүүсүн эске албаса;
в) эгерде лизинг алуучу лизинг келишими боюнча төлөмдөрдү төлөө мөөнөтү белгиленген келишими бүткөнгө чейин катары менен эки же андан да көп жолу төлөбөсө;
г) эгерде лизинг алуучу лизинг предметин лизинг келишиминде көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө, ал эми келишимде бул тууралу белгиленбесе, мыйзамга же лизинг келишимине ылайык капиталдык ремонттоону жүргүзүү милдети лизинг алуучуга жүктөлгөн учурларда тиешелүү мөөнөттүн ичинде капиталдык ремонттоону жүргүзбөгөн болсо.
3. Төмөнкүдөй учурларда лизинг алуучунун талабы боюнча лизинг келишими сот тарабынан мөөнөтүнөн мурда бузулушу, ал эми лизинг предмети лизинг берүүчүгө анын эсебинен кайтарылып берилиши мүмкүн:
а) эгерде лизинг берүүчү лизингдин предметин бербесе же келишимдин шарттарына ылайык лизинг предметин пайдаланууга тоскоолдук кылса;
б) эгерде берилген лизинг предметинде аны пайдаланууга тоскоолдук кылган кемчиликтер болсо жана ал кемчиликтер лизинг келишиминде айтылбаса;
в) эгерде жеткирүүчү лизинг алуучу тарабынан тандалган учурдан тышкары, лизинг берүүчү лизинг предметин жөнөтүү мөөнөттөрүн бузган болсо;
г) эгерде лизинг предметин лизинг келишиминде көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө, ал эми келишимде бул тууралу белгиленбесе, мыйзамга же лизинг келишимине ылайык капиталдык ремонттоону жүргүзүү милдети лизинг берүүчүгө жүктөлгөн учурларда тиешелүү мөөнөттүн ичинде капиталдык ремонттоону жүргүзбөгөн болсо.
10-статья. Лизинг берүүчүнүн укуктары жана милдеттери
Лизинг берүүчү төмөнкүлөргө укуктуу:
а) мөөнөтү өтүп кеткен өзүнө тиешелүү лизингдик төлөмдөрдү, ошондой эле чыгымдардын ордун толтурууну талап кылууга;
б) лизинг алуучунун ишинин лизингдин предметине жана лизинг алуучу тарабынан лизинг келишими боюнча милдеттенмелердин аткарылышына тиешелүү бөлүгүнө контролдукту жүзөгө ашырууга;
в) лизинг алуучу тарабынан лизинг предметин кайтаруу боюнча милдеттенмелер бузулган учурда мөөнөтү өткөн убакыт үчүн төлөмдөрдү төлөөнү жана чыгымдардын ордун толтурууну талап кылууга;
г) лизинг алуучудан анын финансылык абалына контролдукту жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон жазуу формасындагы маалыматтарды талап кылууга;
д) лизинг предметине бул предмет лизинг берүүчүнүн менчиги болуп саналаарын жана лизинг жөнүндөгү келишимге ылайык ал лизинг алуучунун ээлигинде тургандыгын жана пайдаланылып жаткандыгын күбөлөндүргөн маркалоо укугуна;
е) ушул Мыйзамда каралган учурларда лизинг алуучудан лизинг предметин талап кылууга.
2. Лизинг берүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
а) сатуучудан лизинг алуучу менен макулдашылган лизинг предметин менчикке сатып алууга жана аны лизинг жөнүндө келишимде айтылган шарттарда убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга лизинг алуучуга өткөрүп берүүгө;
б) лизинг предметин алгандан кийин ал белгилүү бир жакка (лизинг алуучуга) лизингге өткөрүп берүү үчүн арналгандыгын сатуучуга жазуу жүзүндө маалымдоого.
3. Лизинг берүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана лизинг келишиминде белгиленген башка укуктарга жана милдеттерге ээ болушу мүмкүн.
11-статья. Лизинг алуучунун укуктары жана милдеттери
1. Лизинг алуучу төмөнкүлөргө укуктуу:
а) лизинг келишиминин шарттарында лизинг предметине ээлик кылууга жана пайдаланууга;
б) лизингдин объектисин сатуучуга (жөнөтүүчүгө) сапатына, комплектүүлүгүнө жана берүү мөөнөтүнө карата талаптарды жана сатуучу (жөнөтүүчү) менен лизинг берүүчүнүн ортосунда соода-сатык келишиминде белгиленген жана башка талаптарды түздөн-түз коюуга;
в) лизинг предметинен баш тартууга болбосо лизинг предметин алмаштырууну талап кылууга, лизинг предмети берилбеген учурда, мөөнөтү өтүп же лизинг предмети тиешелүүлүгү боюнча пайда алууга тоскоолдук кылган оңдолбогон кемчиликтери менен берилген учурларда лизинг келишимин бузууга укуктуу, мында лизинг алуучу тарабынан товар берүүчүнү тандаган учурду кошпогондо, лизинг келишиминде каралган шарттардагы багыт боюнча болушу керек;
г) эгерде лизинг келишиминде башкасы каралбаса, лизинг келишими токтотулгандан кийин лизинг алуучунун өз каражаттарынын эсебинен лизинг берүүчүгө макулдашуу менен жүргүзүлгөн лизингдин объектисин жакшыртуунун наркынын ордун толтуруп берүүнү талап кылууга;
д) эгерде лизинг келишиминде каралган пайдалануу шартына жооп бербестен начарлап кетсе лизинг төлөмдөрүнүн суммасын тиешелүү азайтууну талап кылууга;
е) лизинг келишими боюнча алынган лизинг предметин лизинг берүүчүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу, ошону менен бирге эле лизинг келишими боюнча анын алдында жоопкерчиликтүү бойдон калуу менен үчүнчү жакка субижарага (субарендага) берүүгө, мында лизинг предметин ижарага берүү мөөнөтү лизинг жөнүндө келишимдин иш-аракеттеги мөөнөтүнөн ашпоого тийиш.
2. Лизинг алуучу төмөндөгүлөргө милдеттүү:
а) эгерде ал лизинг жөнүндө келишимдин шарттарына жооп берсе, лизинг предметин кабыл алууга жана лизинг жөнүндө келишимге ылайык багытталышына жараша лизинг предметин пайдаланууга;
б) эгерде лизинг жөнүндө келишимде башкасы каралбаса, өз каражатынын эсебинен лизинг объектисин техникалык жактан тейленүүсү, аны капиталдык жана утурумдук ремонттон өткөрүүнү (анын ичинде лизинг предметине байланыштуу тиешелүү коммуналдык төлөмдөрдү төлөөнү), жүзөгө ашырууга;
в) лизинг берүүчүгө анын финансылык абалына контролдукту жүзөгө ашыруу үчүн маалыматтарды берүүгө;
г) эгерде келишимде жана Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында башкасы каралбаса, лизинг берүүчүгө лизинг предметине тоскоолсуз кирүүнү камсыз кылууга, ошондой эле өз убактысында лизинг берүүчүнүн суроо-талабы боюнча лизинг предметинин техникалык абалы жөнүндө суроо-талап түшкөн күнү жазуу жүзүндө маалыматты берүүгө;
д) лизинг келишими токтотулган учурда лизинг берүүчүгө лизингдин объектисин нормалдуу пайдалангандыкты эске алуу менен же лизинг келишиминде каралган баштапкы калыбында кайтарып берүүгө.
3. Лизинг алуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана лизинг келишиминде белгиленген башка укуктарга жана милдеттерге ээ болушу мүмкүн.
12-статья. Сатуучунун укуктары жана милдеттери
1. Сатуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана соода-сатык же жөнөтүү келишимине ылайык укуктарга жана милдеттерге ээ болот.
2. Лизинг алуучу лизинг келишиминин предмети болуп саналган мүлктү түздөн-түз сатуучуга, сатуучу менен лизинг берүүчүнүн ортосунда түзүлгөн соода-сатык келишиминен улам келип чыккан талаптарды, атап айтканда, мүлктүн сапатына жана комплектүүлүгүнө, аны жөнөтүүнүн мөөнөттөрүнө жана сатуучу тарабынан келишимдин тиешелүү түрүнүн аткарылышына байланыштуу талаптарды түздөн-түз коюуга укуктуу. Мында лизинг алуучу лизинг берүүчүнүн макулдугусуз сатуучу менен соода-сатык келишимин бузуу жана сатып алынган мүлккө акы төлөө милдеттенмесинен тышкары сатып алуучу үчүн каралган укуктарга ээ жана милдеттерди аткарат.
Сатуучу бир эле учурда лизинг берүүчүнүн жана лизинг алуучунун алдында бир эле зыян боюнча жоопкерчилик тартууга тийиш эмес.
3. Эгерде лизинг келишими лизинг берүүчүнүн, лизинг алуучунун жана сатуучунун катышуусунда түзүлгөн болсо, анда сатуучунун укуктары жана милдеттери лизинг келишимине ылайык белгиленет.
13-статья. Лизинг субъекттеринин жоопкерчиликтери
1. Лизинг берүүчүнүн, лизинг алуучунун жана сатуучунун жоопкерчиликтери лизинг келишими, соода-сатык келишими жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.
2. Лизинг предметин мүлктүк чыгымга учуроонун бардык түрүнөн сактоо үчүн, ошондой эле лизинг предметин иш жүзүндө кабыл алуу учурунан тартып жоголуп кетишине, жараксыз болуп калуусуна, уурдалып кетишине, сынып калышына, аны монтаждоо жана пайдалануу учурунда катачылыктарга жол берилишине байланыштуу тобокелдиктер үчүн жоопкерчилик, лизинг келишиминде башкасы каралбаса, лизинг алуучуга жүктөлөт.
3. Эгерде лизинг келишиминде башкасы каралбаса, сатуучу тарабынан милдеттенмелердин аткарылбай калышы же ойдогудай аткарылбай калуу коркунучу үчүн, лизинг келишиминде сатып алуучуну тандап алган тарап жооп берет.
4. Лизинг предметинен улам, же аларга байланыштуу келтирилген чыгымдар үчүн үчүнчү жактын алдында лизинг берүүчүгө жоопкерчилик жүктөлүшү мүмкүн эмес.
5. Сатуучу менен мамилелерде лизинг алуучу жана лизинг берүүчү шериктеш кредиторлор катары иш алып барышат.
6. Эгерде лизинг алуучу лизинг предметин лизинг берүүчүгө өз учурунда кайтарбай койгондугу үчүн лизинг алуучу тарабынан үстөк айып төлөө каралган болсо, лизинг келишиминде башкасы каралбаса, кеткен чыгымдар лизинг алуучудан үстөк айыптан тышкары толук суммада өндүрүлүп алынышы мүмкүн.
14-статья. Лизинг предметин өткөрүп берүү
1. Эгерде лизинг келишиминде башкача каралбаса, лизинг берүүчү лизинг предмети болуп саналган мүлктү лизинг келишиминдеги шарттарга жооп берген абалда жана ушул мүлктүн арналышына жараша анын бардык тиешелүүлүктөрү жана бардык документтери (техникалык паспорту жана башка) менен бирге, лизинг алуучуга өткөрүп берет.
15-статья. Лизинг учурунда менчикке карата мамилелер
1. Лизинг келишиминде лизинг предмети лизинг келишиминин мөөнөтүнүн бүтүшү менен же лизинг алуучу тарабынан лизинг келишиминде шартталган сатып алуу баасы төлөнгөн шартта анын мөөнөтү бүткөнгө чейин эле лизинг алуучунун менчигине өтөөрү каралышы мүмкүн.
Эгерде лизинг предметин сатып алуу жөнүндөгү шарт келишимде каралбаса, ал тараптардын кошумча макулдашуусу менен белгилениши мүмкүн, алар бул учурда лизинг предметин пайдалангандыгы үчүн мурда төлөнгөн акыны сатып алуу баасына эсептешүү жөнүндө келишүүгө укуктуу. Мыйзам тарабынан лизинг предметин сатып алууга тыюу салуу учурлары белгилениши мүмкүн.
2. Эгерде келишимде башкача белгиленбесе, лизинг предметине ээлик кылуу жана пайдалануу укугу, лизинг алуучуга толук өлчөмдө өтөт.
3. Лизинг алуучу банкрот болгон учурда, ошондой эле анын мүлкүнө арест коюлганда, конфискацияланганда же анын мүлкүнөн өндүрүп алынганда лизинг предмети лизинг алуучунун мүлкүнөн ажыратылат жана лизинг берүүчүгө кайтарылууга тийиш, ал аны өз каалоосу боюнча тескей алат.
4. Эгерде лизинг алуучу лизинг берүүчүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугусуз өз каражаттарынын эсебинен лизинг предметин жакшыртса жана аны лизинг предметине зыян келтирбестен бөлүп алууга мүмкүн болбосо, эгерде лизинг келишиминде башкача каралбаса, лизинг алуучу лизинг келишими токтотулгандан кийин ошого кеткен каражаттын ордун толтуруп берүүнү талап кылууга укугу жок.
5. Лизинг алуучу тарабынан лизинг предметине жүргүзүлгөн бөлүп алууга мүмкүн болгон жакшыртуу, эгерде лизинг келишиминде башкача каралбаса, анын менчиги болуп эсептелет.
16-статья. Лизинг берүүчүлөрдүн жана лизинг алуучулардын өз
укуктарын үчүнчү жактарга ыйгаруусу
1. Лизинг берүүчү лизинг алуучуга жазуу жүзүндө маалымдоо менен лизинг келишими боюнча өз укугун жана милдеттерин толугу менен же жарым-жартылай үчүнчү жакка ыйгарып бериши мүмкүн.
2. Лизинг алуучу лизинг берүүчүнүн жазуу жүзүндөгү уруксаты менен лизинг келишими боюнча өз укугун жана милдеттерин толугу менен же жарым-жартылай үчүнчү жакка ыйгарып бериши мүмкүн.
3. Лизинг предметине карата менчикке укук лизинг берүүчүдөн үчүнчү жакка өткөн учурда лизинг келишими жаңы ээлик кылуучу үчүн күчүндө калат.
17-статья. Лизинг предметин тейлөө
Эгерде бул лизинг берүүчү менен лизинг предметин сатуучунун (жөнөтүүчүнүн) ортосунда соода-сатык келишиминде каралган болсо, сатуучу тарабынан лизинг предметин кепилдик жана кепил мөөнөтү бүткөндөн кийин тейлөө жүргүзүлүшү мүмкүн.
18-статья. Лизинг келишиминин предметине укуктарды мамлекеттик
каттоо
1. Мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш болгон лизинг келишиминин предметине укук лизинг берүүчүнүн атына катталат, ал эми лизинг алуучу келишим предметин пайдалануучу катары катталышы мүмкүн. Лизинг келишиминин предметин каттоону жүргүзүүнүн тартиби жана шарттары тараптар тарабынан лизинг келишиминде белгиленет.
2. Тараптардын макулдашуусу боюнча лизинг берүүчүнүн атына лизинг келишиминин предметине укуктарды каттоо лизинг берүүчү тарабынан лизинг алуучуга ыйгарылып берилиши мүмкүн. Мында каттоо документтеринде мүлктүн менчик ээси жана ээлик кылуучу (пайдалануучу) жөнүндө маалыматтар сөзсүз көрсөтүлөт.
3. Лизинг келишими бузулган жана лизинг берүүчү лизинг предметин алып койгон учурда, лизинг берүүчүнүн арызы боюнча лизинг алуучуга лизинг келишиминин предметине укуктарды каттоону жүргүзүүчү мамлекеттик орган ээлик кылуучу (пайдалануучу) жөнүндө жазууга тиешелүү өзгөртүү киргизет.
19-статья. Лизинг предметин камсыздандыруу
1. Эгерде келишимде башкача каралбаса, лизинг предмети сатуучу (жөнөтүүчү) тарабынан мүлк лизинг алуучуга берилген учурдан тартып жана лизинг келишиминин колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейин жоголуу (талкалануу), жетпей калуу же зыянга учуроо коркунучунан камсыздандырылышы мүмкүн.
2. Эгерде лизинг жөнүндө келишимде башкача каралбаса, лизинг предметин жоголуу (талкалануу), жетпей калуу же зыянга учуроо коркунучунан камсыздандырууну лизинг алуучу сатуучудан (жөнөтүүчүдөн) лизинг предметин иш жүзүндө алган учурдан тартып, лизинг берүүчүгө иш жүзүндө кайтарып бергенге чейин жүргүзөт.
3. Лизинг алуучу лизинг берүүчүнүн пайдасына лизинг келишиминин бузулушуна өзүнүн жоопкерчилигинин тобокелдиги менен камсыздандырууга укуктуу.
20-статья. Лизинг предметин күрөө катары пайдалануу
1. Лизинг берүүчү акча каражаттарын тартуу максатында лизинг предметин күрөө катары пайдаланууга укуктуу, ал лизинг келишиминин шарты боюнча кийин алынат.
2. Эгерде лизинг келишиминде башкача каралбаса, лизинг берүүчү, лизинг алуучуга жазуу жүзүндөгү билдирүүсүз күрөөгө лизинг предметин берүүгө укугу жок.
3. Лизинг алуучу лизинг предметин күрөөгө коюуга, берүүгө, дагы карыз берүүгө, карыздарды төлөө үчүн пайдаланууга же башка бир кошумча кыйынчылыкты түзүүгө укугу жок.
21-статья. Лизингдик төлөмдөр
1. Лизинг келишиминде көрсөтүлгөн мүлктү пайдалангандык үчүн төлөмдөр лизинг берүүчүгө лизинг алуучу тарабынан төлөнүүчү лизингдик төлөмдөр түрүндө ишке ашырылат. Анын төлөө өлчөмү, ыкмасы, формасы жана мөөнөттөрү тараптардын макулдугу боюнча лизинг келишиминде белгиленет.
Эгерде лизинг алуучу жана лизинг берүүчү лизингдик төлөөлөр боюнча эсептешүүлөрдү лизинг предметинин жардамы менен өндүрүлгөн продукция (натуралай түрүндө) ишке ашырышса, анда бул продукцияга баа тараптардын макулдугу менен лизинг келишими боюнча аныкталат.
2. Эгерде лизинг келишиминде башкача каралбаса, лизинг алуучуга лизингдик төлөмдөрдү төлөө боюнча милдеттенме, лизинг алуучу лизинг предметин пайдалана баштаган учурдан тартып күчүнө кирет.
22-статья. Лизинг предметин эсепке алуу
Лизингди эсепке алуу жана амортизациялык эсептөөлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
23-статья. Лизинг предметин кайрадан баалоо
Лизинг предметин жана ага эсептелген эскирүүнү кайрадан баалоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
24-статья. Талаш-тартыштарды чечүү тартиби
1. Лизинг келишиминин субъектилеринин ортосунда келип чыккан талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет.
3-Бөлүм
Корутунду жоболор
25-статья. Ушул Мыйзамды күчүнө киргизүү жөнүндө
1. Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү боюнча сунуштарды эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берсин;
- өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Акаев |
2002-жылдын 13-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган
|
2002-жылдын 3-июлунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйыны тарабынан жактырылган
|