Загрузка документа…
КЫРГЫ3 РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ
2002-жылдын 30-июлу № 135
Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 15-майындагы № 93, 2004-жылдын 11-июнундагы № 73, 2022-жылдын 18-январындагы № 4, 2022-жылдын 9-августундагы № 90, 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136, 2025-жылдын 23-майындагы № 106, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262, 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 46, 2026-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Караңыз:
КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 1-сентябрындагы № 7-п токтому
Ушул Мыйзам соттон тышкаркы органдарды түзүү тартибин (мындан ары - бейтарап соттор) аныктайт, ошондой эле талаш-тартыштарды чечүү жагындагы алардын ишин (мындан ары - бейтарап териштирүү) жөнгө салат.
Бейтарап териштирүүнүн негизги принциптери - мыйзам жана бейтарап соттун алдында тараптардын теңдиги, бейтарап соттун чеминин аткарылышынын далилтартыштыгы жана милдеттүүлүгү.
1-Глава Жалпы жоболор
1-статья. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
Ушул Мыйзам тараптардын макулдашуусу боюнча инвестициялык, жарандык жана коммерциялык укук мамилелеринен келип чыгуучу, бүтүмдөрдөн, келишимдерден, макулдашуулардан же башка юридикалык мааниге ээ болгон жагдайлардан пайда болуучу талаш-тартыштар бейтарап соттун кароосуна өткөрүп берилген учурда колдонулат.
Ушул Мыйзамдын ченемдери өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын чегинде келип чыгуучу мамилелерге карата "Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана аталган Мыйзамдан келип чыгуучу актылар менен жөнгө салынбаган жана аларга карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) бейтарап сот - бул жеке арбитр же арбитрлер коллегиясы;
2) бейтарап териштирүү (арбитраж) - тараптардын макулдашуусунда же колдонулуучу эрежелерде, же ушул Мыйзамда каралган тартипте талаш-тартышты бейтарап сот тарабынан кароо жана бейтарап сот тарабынан чечим (арбитраждык чечим) кабыл алуу процесси;
3) арбитр - талаш-тартышты чечүү үчүн тараптар шайлаган же тараптар макулдашкан же мыйзамда белгиленген тартипте шайланган (дайындалган) жеке жак;
4) арбитраждык мекеме - өзүнүн уюштуруучулук же институттук аталышына (сот, борбор, комитет же башка аталыш) карабастан, бейтарап териштирүүнү (арбитражды) башкаруу боюнча функцияларды аткаруучу уюм;
5) бейтарап териштирүүнү (арбитражды) башкаруу - талаш-тартышты чечүү боюнча бейтарап соттун түздөн-түз функцияларын кошпогондо, арбитраждык мекеменин арбитражды уюштуруучулук камсыздоо, анын ичинде арбитрлерди тандоо, дайындоо же четтетүү жол-жоболорун камсыз кылуу, иш кагаздарын жүргүзүү, арбитраждык жыйымдарды чогултууну жана бөлүштүрүүнү уюштуруу боюнча функцияларды аткаруусу;
6) бейтарап макулдашуу (арбитраждык эскертме) - тараптардын талаш-тартышты бейтарап териштирүү тартибинде чечүүгө өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуусу, ошондой эле мыйзамдын талаш-тартышты бейтарап териштирүү тартибинде кароого өткөрүп берүү каралган ченеми;
7) компетенттүү сот - Кыргыз Республикасынын тиешелүү соту;
8) бейтарап териштирүүдөгү тараптар - доогер жана жоопкер. Доогерлер болуп өз кызыкчылыгында доо койгон жарандар жана уюмдар, ошондой эле мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары саналат. Жоопкерлер болуп аларга доо талабы коюлган жарандар жана уюмдар, ошондой эле мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары саналат;
9) колдонулуучу эрежелер - туруктуу иштеген бейтарап соттун эрежелери, жоболору, регламенттери жана башка документтери.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-статья. Бейтарап соттордун түрлөрү жана укуктук абалы
1. Бейтарап макулдашууга же мыйзамга ылайык талаш-тартыштар туруктуу иштеген бейтарап соттун же бир жолку бейтарап соттун кароосуна берилиши мүмкүн.
Туруктуу иштеген бейтарап сот - бейтарап териштирүүнү ишке ашырууну камсыз кылуучу уюм.
Бир жолку бейтарап сот - белгилүү бир талаш-тартышты кароо үчүн тараптар тарабынан түзүлүүчү жана бул талаш-тартыш боюнча бейтарап териштирүү аяктаары менен өз ишин токтотуучу бейтарап сот.
2. Арбитраждык мекеме юридикалык жак болуп саналат жана өз ишин коммерциялык эмес уюм түрүндө жүзөгө ашырат. Арбитраждык мекемелер, анын ичинде "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын Талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борбору өз ишин "Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында, ошондой эле "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын актыларында каралган башка уюштуруучулук-укуктук формаларда жүргүзө алат.
Бейтарап териштирүүгө байланышкан бейтарап соттордун иши экономикалык иш болуп саналбайт.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-статья. Бейтарап сотторду түзүү жана алардын иштөө тартиби
1. Бир жолку бейтарап сотту түзүүнүн жана анын ишинин тартиби тараптардын макулдашуусу менен, ал эми тараптардын макулдашуусу менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары, ошондой эле "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын актылары менен аныкталат.
2. Туруктуу иштеген бейтарап сотторду түзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат. Туруктуу иштеген бейтарап соттордун иши колдонулуучу эрежелер менен, ал эми колдонулуучу эрежелер менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ошондой эле "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын актылары менен жөнгө салынат.
3. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болгон эл аралык келишимдерде бейтарап сотторду түзүү жана алардын иштешинин башка эрежелери каралса, бул келишимдин эрежелери колдонулат.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-статья. Талаш-тартышты бейтарап соттордун чечүүсүнө өткөрүп берүү
1. Ушул бейтарап сотко өткөрүп берүү тууралу тараптардын макулдашуусу же мыйзам күчүндө болгондо талаш-тартыш бейтарап соттун чечүүсүнө берилиши жана ал тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.
Компетенттүү сот тарабынан каралып жаткан талаш-тартыш бейтарап соттун чечишине өткөрүп берилиши мүмкүн, бирок бул талаш-тартыштын маани-маңызы боюнча сот чечим кабыл алганга же тараптар жарашуу келишимин түзгөнгө чейин гана болот.
2. Бейтарап соттун макулдашуусунун заты болгон маселе боюнча доо компетенттүү сотко берилгенде бейтарап макулдашуунун болгондугун ырастаган фактыларды тапкандан кийин, анын ичинде бул тууралу тараптардын биринен кабар келип түшкөндө ал доо арызын кабыл алуудан баш тартуусу керек же доону кароосуз калтыруусу керек, же иш боюнча өндүрүштү токтотуусу керек.
6-статья. Бейтарап соттун ишинин укуктук негизи
1. Бейтарап сот териштирүүнү бейтарап макулдашууда көрсөтүлгөн эрежелер боюнча ишке ашырат, ал эми мындай көрсөтмө болбогон учурда - бейтарап сот өзү тандаган же белгилеген эрежелер боюнча жүргүзүлөт.
2. Бейтарап сот талаш-тартышты материалдык укуктун ченемдерине ылайык карайт, аларды тараптар келишимде же талаш-тартыштын маани-маңызына карата колдонуучу нерсе катары бейтарап макулдашууда аныкташат.
3. Колдонулуучу эреже жөнүндө макулдашуу болбогондо бейтарап сот талаш-тартышты кароодо колдонууга тийиш болгон укук ченемдерин өз алдынча аныктайт.
4. Бейтарап сот чечимди колдонулуучу укукка ылайык кабыл алат, ал эми колдонулуучу укуктардын жөнгө салынбаган бөлүгүндө - иштин кайталануу салты менен жүзөгө ашырат.
2-Глава Бейтарап макулдашуу
7-статья. Бейтарап макулдашуунун мазмуну жана формасы
1. Жарандардын укук жагындагы мамилелеринин келишимдик мүнөздө болгонуна же болбогонуна карабастан, алардын ортосунда болгон же боло турган бардык же белгилүү талаш-тартыштарды бейтарап сотко өткөрүп берүү тууралу тараптар бейтарап келишимин түзүшү мүмкүн. Бейтарап макулдашуу келишимде арбитраждык эскертме катары жол-жоболоштурулушу мүмкүн, ал келишимдин курамдык бөлүгү болуп эсептелет, же өз алдынча макулдашуу түрүндө түзүлүшү мүмкүн.
2. Бейтарап макулдашуу жазуу жүзүндө түзүлөт. Эгерде макулдашуу тараптардын колу коюлган документинде болсо же кат алышуу, телетайп, телеграф, телефакс байланышы аркылуу мындай макулдашуунун аныктыгын камсыз кылуучу башка байланыш каражаттарын пайдалануу аркылуу түзүлсө, макулдашуу жазуу жүзүндө түзүлгөн болуп эсептелинет. Эгерде келишим жазуу жүзүндө түзүлсө жана бул шилтеме макулдашууну келишимдин бяр бөлүгү деп эсептегенге негиз болсо, талаш-тартышты бейтарап сотко өткөрүп берүү жөнүндөгү макулдашууну камтыган келишимдеги шилтеме макулдашуу деп таанылат.
3. Бейтарап макулдашууда тараптардын ортосунда келип чыгуучу талаш-тартыштан улам пайда болуучу ар кандай талаш-тартыш, ошондой эле талаш-тартыштын келип чыгышын кароого тийиш болгон бейтарап соттун аталышы бейтарап сотто каралышы керек деген жобо камтылууга тийиш.
Бейтарап макулдашууда арбитрлердин саны, бейтарап териштирүү жүргүзүлүүчү жер, бейтарап териштирүүнүн тили, мөөнөтү, колдонулуучу эрежелер, талаш-тартышты кароо мөөнөтү жөнүндөгү маалыматтар камтылышы мүмкүн.
4. Ушул статьянын 2-пунктунда жана 3-пунктунун биринчи абзацында каралган эрежелер сакталбаганда бейтарап сот жараксыз деп таанылат.
3-Глава Бейтарап соттун курамы
8-статья. Арбитрге коюлуучу талаптар
1. Иш-аракетке жарамдуу, тиешелүү квалификацияга ээ болгон, талаш-тартыштын калыс каралышын камсыз кылуучу жана тараптарга көз каранды болгон жеке жак арбитр болушу мүмкүн.
Талаш-тартышты жеке өзү караган арбитр юридикалык квалификацияга ээ болушу керек. Талаш-тартыш коллегиялык жол менен карала турган болсо, иш боюнча төрагалык кылуучунун юридикалык квалификациясы болушу керек.
2. Арбитрдин талапкерлигине карата колдонулуучу эрежелерде кошумча талаптар каралышы мүмкүн.
3. Төмөндөгүлөр арбитр боло алышпайт:
- компетенттүү соттун судьясы;
- мамлекеттик кызматкер;
- соттолгон адам;
- иш-аракетке жарамсыз же иш-аракетке жарамдуулугу чектелүү деп таанылган адам.
4. Эгерде тараптар башкача макулдашпаса, тараптардын бири да жарандыгына байланыштуу арбитр катары чыгуу укугунан ажыратылышы мүмкүн эмес.
9-статья. Арбитрлерди дайындоо
1. Арбитрлердин саны так болушу керек.
2. Бир жолку бейтарап соттун арбитрлерин дайындоо тараптардын макулдашуусунда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
Тараптар өздөрүнүн каалашынча арбитрлердин санын аныкташы мүмкүн. Эгерде тараптар арбитрлердин санын аныктай алышпаса, анда тараптардын каалаганы туруктуу иштеген бейтарап сотко кайрылууга укуктуу, ал ушул статьяда каралган тартипте үч арбитр дайындайт.
(Абзац КР 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3. Эгерде тараптар арбитрлерди дайындоо тартибин аныкташпаса, анда алар төмөндөгүдөй тартипте дайындалышат:
а) үч арбитри бар бейтарап териштирүү учурунда ар бир тарап бирден арбитр дайындайт жана ушундай жол менен дайындалган эки арбитр үчүнчүсүн дайындайт, ал төрагалык кылуучу болуп эсептелет; эгерде биринчи тарап экинчи тараптын ушул тууралу өтүнүчүн алгандан кийин 30 күн ичинде арбитрди дайындабаса, же эки арбитр дайындалган учурдан тартып 30 күн ичинде үчүнчү арбитрди тандап алуу жөнүндө бир пикирге келише албаса, каалаган тараптын өтүнүчү боюнча үчүнчү арбитр туруктуу иштеген бейтарап соттун төрагасы тарабынан дайындалат;
б) жеке арбитрдин катышуусу менен болуучу бейтарап териштирүү учурунда, эгерде тараптар арбитрди тандап алуу жөнүндө бир пикирге келише албаса, каалаган тараптын өтүнүчү боюнча арбитр туруктуу иштеген бейтарап соттун төрагасы тарабынан мындай өтүнүч түшкөн күндөн тартып 30 күн ичинде дайындалат;
в) эгерде тараптар тарабынан макулдашылган дайындоо учурунда тараптардын бири мындай жол-жобону сактабай турган болсо, же тараптар же арбитрлердин экөөсү мындай жол-жобо менен макулдукка келе алышпаса, каалаган тарап дайыма иштөөчү бейтарап соттун төрагасын бул маселени, арбитрди дайындоо жөнүндөгү маселени да кошо, өздөрү каалагандай чечүү жөнүндө суранышы мүмкүн. Туруктуу иштеген бейтарап соттун төрагасынын тиешелүү чечимине даттанууга болбойт.
4. Эгерде тараптардын макулдашуусунда башкача белгиленбесе, туруктуу иштеген бейтарап сотто бейтарап арбитрлерди дайындоо ушул бейтарап соттун колдонулуучу эрежелеринде белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 4, 2025-жылдын 31-декабрындагы N 262 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
10-статья. Арбитрди алып салуунун негиздери
Арбитр талаш-тартышты чечүүгө катыша албайт жана төмөндөгүдөй негиздер боюнча алып салынууга тийиш:
1) эгерде иши каралып жаткан тараптын же анын өкүлүнүн тууганы болсо;
2) эгерде талаш-тартыштын чечилишинин натыйжасына жеке өзү түздөн-түз же кыйыр таламдаш болсо, же анын калыстыгына же көз карандысыздыгына күмөн санай турган жагдайлар болсо;
3) эгерде ушул Мыйзамдын 8-статьясынын 3-пунктунда белгиленген талаптар сакталбаса;
4) эгерде бейтарап макулдашууда же ушул Мыйзамда шартталган квалификацияга ээ болбосо.
11-статья. Арбитрди алып салуу тартиби
1. Бейтарап арбитр болуп дайындалып калуу мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу кимдир-бирөөгө кайрылган учурда, ал адам аны алып салууга негиз болуучу ар кандай жагдайлар жөнүндө билдириши керек.
Арбитр дайындалган учурдан тартып жана бейтарап териштирүүнүн бүткүл жүрүшүндө пайда болгон мындай жагдайлар жөнүндө тараптарга токтоосуз кабарлап жана өзүнүн баш тартуусун билдириши керек.
2. Эгерде алып салууга негиз болгон жагдайлар аныкталса, каалаган тарап арбитрди алып салуу жөнүндө билдирүүгө укугу бар.
Алып салуу жана өзү баш тартуу жүйөөлүү болушу жана иштин маани-маңызын кароо башталганга чейин билдирилиши керек. Талаш-тартышты кароонун жүрүшүндө алып салуу жөнүндөгү арызга алып салуунун негизи талаш-тартышты кароо башталгандан кийин белгилүү болгондо гана жол берилет.
3. Арбитрди алып салуу жол-жобосу тууралу тараптар өздөрү каалагандай макулдаша алышат.
4. Мындай макулдашуу болбосо, арбитрди алып салуу жөнүндө айтууга ниеттенген тарап бейтарап соттун түзүлгөндүгү жөнүндө же ушул Мыйзамдын 10-статьясында көрсөтүлгөн ар кандай жагдайлар жөнүндө белгилүү болгондон кийин 15 күн ичинде алып салуунун жүйөөсүн бейтарап сотко жазуу жүзүндө билдириши керек. Эгерде арбитрди алып салуу жөнүндө билдирүүдөн кийин арбитр кызматынан өзү баш тартпаса, же алып салууга экинчи тарап макул болбосо, алып салуу жөнүндөгү маселе бейтарап сот тарабынан чечилет.
Эгерде арбитрди алып салуу тууралу макулдашылган тараптар тарабынан ар кандай жол-жобону колдонууга эч кандай чечим кабыл алынбаса, же алып салуу тууралу башка арбитрлердин ортосунда макулдашуу болбосо, ар кандай тарап иштеп жатканда бейтарап соттон алып салуу боюнча чечим кабыл алууну сурана алат. Мындай чечимге даттанууга болбойт. Мындай өтүнүч чечилип жаткан да бейтарап сот бейтарап териштирүүнү уланта да, чечим чыгара да албайт.
5. Талаш-тартышты туруктуу иштеген сотко берген учурда арбитрди алып салуу маселеси колдонулуучу эрежелерде белгиленген тартипте чечилет.
12-статья. Арбитрдин ыйгарым укуктарынын токтотулушу
1. Бейтарап териштирүүгө катышуучу арбитрдин ыйгарым укуктары иш боюнча чечим кабыл алынган күндөн тартып 60 күндөн кийин токтотулат. Арбитрдин ыйгарым укуктары анын өзүнүн баш тартышына, жана алып салууга байланыштуу же тараптардын макулдашуусунда каралган башка негиздер боюнча токтотулушу мүмкүн.
2. Эгерде ушул Мыйзамдын 42-статьясында каралган негиздер боюнча компетенттүү сот туруктуу иштеген бейтарап соттун чечимин бейтарап сотко мажбурлап аткартууга аткаруу барагын берүүдөн баш тартса, арбитрдин ыйгарым укуктары токтотулбайт. Туруктуу иштеген бейтарап сот талаш-тартыш боюнча чечим чыгарышкан ошол эле арбитрлерди тартып өзүнүн эсебинен талаш-тартыштын кайталанып каралышын камсыз кылууга милдеттүү.
13-статья. Арбитрди алмаштыруу
1. Эгерде тараптардын макулдашуусунда башкача каралбаса, арбитрди алмаштыруу ушул Мыйзамда каралган негиздер боюнча гана жол берилет.
2. Эгерде арбитрдин ыйгарым укуктары ушул Мыйзамдын 10-статьясында да каралган негиздерге же дагы башка негиздерге ылайык токтотулса, жаңы арбитр алмашылып жаткан арбитрди дайындоо учурунда колдонулган эрежелерге ылайык дайындалат.
3. Туруктуу иштеген бейтарап соттун арбитрин алмаштыруу колдонулуучу эрежелер боюнча жүргүзүлөт.
4-Глава Бейтарап териштирүү
14-статья. Бейтарап соттун компетенциясы
1. Бейтарап сот бейтарап макулдашуунун болгондугу же аныктыгын жана белгилүү бир талаш-тартышты кароо боюнча өзүнүн компетенциясы жөнүндөгү маселени өз алдынча чечет.
2. Тараптар талаш-тартыштын маани-маңызын кароо башталганга чейин бейтарап макулдашуу жок же ал жараксыз деп таанууга негиз болгон жагдайлар тууралу билдирүүгө укуктуу. Тараптын арбитрди дайындоосу же анын арбитр дайындоого катышуусу аны мындай билдирүү жасоо укугунан ажыратпайт.
3. Бейтарап сот өз компетенциясынан аша чаап жатат деген билдирүү бейтарап териштирүүнүн жүрүшүндө коюлганда маселе, тараптын пикири боюнча, соттун компетенциясынын чегинен тышкары чыгып баратканда тараптар тарабынан айтылууга тийиш.
4. Эгерде бейтарап сот бейтарап макулдашуунун жоктугун же жараксыздыгын тааныса, бул тууралу аныктама чыгарылат, ал тараптарга тиешелүү тараптан алынган материалдар менен бирге жөнөтүлөт.
15-статья. Каршы болуу укугу
Эгерде тараптардын ыктыяры менен колдонулуучу ушул Мыйзамдын кайсы бир жобосу же бейтарап макулдашуу сакталбай жатканын тарап билсе же билиши керек болсо жана алар тууралу белгиленген мөөнөт ичинде, эгерде мөөнөт көрсөтүлбөсө - ылайыктуу мөөнөт ичинде жоболордун мындай сакталбагандыгына каршы экендигин билдирбесе жана бейтарап териштирүүгө катышуусун уланта берсе, анда ал келечекте мындай каршы болуу укугун билдирүүдөн ажыратылат.
16-статья. Бейтарап териштирүүнүн тартибин аныктоо
1. Тараптар бир жолку бейтарап сотто бейтарап териштирүүнүн тартибин өз ыктыярына жараша аныктай алышат.
Эгерде тараптар бул тартипти аныктай алышпаса, бейтарап сот аны ушул Мыйзамга ылайык өз алдынча аныктайт.
2. Эгерде тараптардын макулдашуусунда башкача белгиленбесе, туруктуу иштеген бейтарап соту тарабынан жүргүзүлүүчү бейтарап териштирүүнүн тартиби ушул бейтарап соттун колдонулуучу эрежелери боюнча ишке ашырылат.
17-статья. Бейтарап териштирүү жүргүзүлүүчү жер
1. Тараптар өз ыктыяры менен бейтарап териштирүү жүргүзүлүүчү жер жөнүндө макулдаша алышат.
2. Мындай макулдашуу жок болсо, бейтарап териштирүү жүргүзүлүүчү жер иштин бардык жагдайын эске алуу менен, анын ичинде тараптарга ыңгайлуу жагдайын, ошондой эле эксперттерди, күбөлөрдү же тараптарды угуу же болбосо мүлктү же документтерди карап чыгуу жагын ойлоп териштирүү жүргүзүлүүчү жер бейтарап сот тарабынан аныкталат.
18-статья. Бейтарап териштирүүнүн тили
1. Тараптардын башка макулдашуусу болбогондо, бейтарап териштирүүдө колдонула турган тилди бейтарап сот аныктайт.
2. Бейтарап териштирүүнүн тилинен башка тилдеги далилди алып келген тарап анын котормосун камсыз кылууга милдеттүү.
3. Бейтарап сот тараптардан ар кандай жазуу жүзүндөгү далилдерди бейтарап териштирүү тилине которуу талабын коюуга укуктуу.
19-статья. Бейтарап териштирүүнүн купуялуулугу
1. Бейтарап териштирүүнүн жүрүшүндө арбитрге дайын болгон маалыматтарды тараптардын же алардын укук мураскорлорунун макулдугусуз ал жарыялай албайт.
2. Арбитр бейтарап териштирүүнүн жүрүшүндө өзүнө белгилүү болгон маалыматтар жөнүндө күбө катары суракка алынбайт.
20-статья. Доо арызы жана доо арызына пикир
1. Тараптар тарабынан макулдашылган же бейтарап сот аныктаган мөөнөттө доогер өз талаптарын өзүнүн доо арызында баяндайт, ал бейтарап сотко, көчүрмөсү жоопкерге берилет, ал эми жоопкер доо арызына жазылган пикирди доогерге жана бейтарап сотко жибере алат. Буга пикирди негиздеген документтер кошо тиркелет.
2. Арызда төмөндөгүлөр көрсөтүлөт:
1) арыз берилген күн;
2) тараптардын толук аталышы, алардын почта даректери;
3) эгерде доо баалана турган болсо, доонун наркы;
4) доо талабы;
5) доо талабы негизделген жагдайлар жана мыйзам ченемдери жана аларды ырастоочу далилдер; доо талабынын негизделген эсеп-кысабы;
6) талаш-тартыштын туура каралышы үчүн маанилүү болгон башка маалыматтар;
7) арызга тиркелүүчү документтердин жана башка далилдердин тизмеси.
Арызга төмөндөгүлөрдү ырастачу документтер тиркелет:
1) бейтарап макулдашуунун болгондугу;
2) жоопкерге доо арызынын жана ага тиркелген документтердин көчүрмөлөрүнүн жөнөтүлгөндүгү.
3. Тараптар доо арызын жана доо арызга пикирин бергенде документтерге же кийинчерээк бере турган башка далилдерине шилтеме жасашы мүмкүн.
4. Эгерде тараптар башка жөнүндө макулдашпаса, бейтарап териштирүүнүн жүрүшүндө тараптардын ар бири алардын макулдашуусунда каралган мөөнөттө жана колдонулуучу эрежелерде өзүнүн доо арызынын талабын же доого жазылган пикирин өзгөртүүгө же толуктоого укуктуу.
21-статья. Утурлама доо
1. Эгерде тараптардын макулдашуусунда башкача белгиленбесе, жоопкер бейтарап макулдашуунун чегинен чыкпаган шартта утурлама доо берүүгө укуктуу.
2. Утурлама доо ага жазылган пикир менен бирге берилиши мүмкүн, ошондой эле эгерде бейтарап сот утурлама доонун берилишинин создугушунун себептерин жүйөөлүү деп эсептесе, талаш-тартышты чечүүнүн кийинки стадиясында тапшырылышы мүмкүн.
3. Доо арызы ушул Мыйзамдын 20-статьясында каралган эрежелер боюнча берилүүгө тийиш.
4. Утурлама доо бейтарап сотко жана доо арызынын көчүрмөсүн берүү бейтарап сот тарабынан жүзөгө ашырыла турган учурлардан башкасында - көчүрмөсү тарапка берилет.
5. Доогер утурлама доого пикирин бейтарап сотко ушул Мыйзамдын 20-статьясында белгиленген жоболорго ылайык жазуу жүзүндө берүүгө укуктуу.
22-статья. Доону камсыз кылуу боюнча чаралар
1. Эгерде тараптар башкалар тууралу макулдашпаса, бейтарап арбитраж өзү зарыл деп эсептеген талаш-тартыштын заты туурасындагы доону тараптардын биринин өтүнүчү боюнча камсыз кылууга кандайдыр-бир чараларды кабыл алуу жөнүндө көрсөтмө бере алат.
2. Бейтарап сот тиешелүү расмий өтүнүч билдирген тараптан доону камсыз кылуу чараларын ишке ашыруу боюнча чыгымдардын камсыз болушун талап кылууга укуктуу.
23-статья. Далилдерди берүү жана изилдөө
1. Далилдерди тараптар беришет. Тараптардын ар бири өз талаптарынын жана каршы пикиринин негиздемеси катары көрсөтө турган жагдайларды далилдеши керек.
Бейтарап сот, эгерде берилген далилдерди жетишсиз деп эсептесе, тараптарга кошумча далилдерди көрсөтүүнү сунуш кылууга укуктуу.
2. Бейтарап сот иш боюнча бардык далилдерди түздөн-түз изилдеп чыгууга милдеттүү.
24-статья. Талаш-тартышты кароо тартиби
1. Талаш-тартышты кароо тараптардын же алардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен же болбосо мындай катышуусуз ишке ашырылышы мүмкүн. Тараптардын талаш-тартышты кароо тартиби жөнүндө макулдашуусу болбогон учурда, бейтарап сот бул маселени өз бетинче чечет, бирок, эгерде тараптардын биринин тиешелүү расмий өтүнүчү болсо, талаш-тартышты кароо тараптардын же алардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен ишке ашырылууга тийиш.
2. Тараптарга бейтарап соттун заседаниеси жөнүндө билдирме күн мурунтан жөнөтүлүшү керек. Эгерде тил кат аркылуу берилсе, тапшырык кат менен же мындай билдирменин жеткирилгенин белгилөөнү камсыз кылуучу мындан бөлөк ыкма менен жөнөтүлсө, билдирме жеткирилген деп саналат.
Тараптардын биринин бейтарап сотко берүүчү бардык арыздарынын, документтеринин жана башка материалдарынын көчүрмөлөрү экинчи тарапка берилүүгө тийиш.
Бейтарап сот талап кылып, ошолорго карап өз чечимдерин негиздеген эксперттердин корутундулары жана башка документтери (алардын көчүрмөлөрү) бейтарап сот тарабынан тараптардын талабы боюнча аларга берилиши мүмкүн.
3. Эгерде тараптар башкалар тууралу макулдашпаса, талаш-тартышты караганда жабык эшикте өткөрүлөт.
4. Тараптардын ар бирине өз өңүтүн түшүндүрүү жана укуктары менен жана таламдарын коргоо үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөр берилиши керек.
25-статья. Документтерди бербөөнүн же тараптардын келбей коюшунун кесепеттери
1. Талап кылынган документтерди, доо арызга пикирин бербөө, иштин каралышы тууралу тийиштүү түрдө кабардар болгон тараптардын же алардын өкүлдөрүнүн бейтарап соттун заседаниесине келбей коюшу, эгерде тараптар башкалар тууралу макулдашпаса, эгерде документтерди бербөө же тараптардын заседаниеге келбей коюшу бейтарап сот тарабынан жүйөөлүү эмес деп табылса, талаш-тартышты чечүүгө тоскоолдук болуп эсептелбейт.
2. Жоопкердин доо арызына пикирин бербөөсү доогердин талаптарын таануу катары каралбашы керек.
26-статья. Адис менен экспертти дайындоо жана экспертиза жүргүзүү
1. Тараптардын башка макулдашуусу болбогон учурда бейтарап сот кайсы бир тармакта атайын билимдерди талап кылуучу талаш-тартышты чечүү учурунда пайда болуучу маселелерди түшүндүрүү үчүн адисти чакыра же экспертиза дайындай алат жана каалаган тараптан экспертиза жүргүзүү үчүн зарыл болгон документтерди жана башка далилдерди берүүнү талап кыла алат.
Эгерде тараптар башка жөнүндө макулдашпаса, бейтарап сот бир же бир нече адистерди жана (же) эксперттерди дайындай алат.
2. Тараптар башка жөнүндө макулдашпаган учурда экспертиза жүргүзүүдө эксперттин (эксперттердин) талапкерлери, ошондой эле экспертиза жүргүзүлгөн учурда түшүндүрүлө турган маселелер тараптардын пикирин эске алуу менен бейтарап сот тарабынан аныкталат.
3. Эксперт бейтарап сотко жазуу жүзүндө корутунду берет, ал эми адис тиешелүү түшүндүрмөлөрдү берет жана тараптар менен бейтарап соттун суроолоруна жооп берет.
4. Тараптардын башка жөнүндө макулдашуусу болбогондо, эксперт жазуу жүзүндөгү корутундусун тапшыргандан кийин эгерде тараптардын бири бул жөнүндө өтүнсө же бейтарап сот муну зарыл деп эсептесе, ишти караганга катышууга тийиш, анда экспертизанын жүргүзүлүшүнө жана берилген корутундуга байланыштуу тараптарга жана бейтарап сотко ага суроо берүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
27-статья. Бейтарап соттун заседаниесинин протоколу
Эгерде тараптардын макулдашуусунда башкача каралбаса, бейтарап сот бейтарап соттун заседаниесинин протоколун жүргүзөт.
5-Глава Бейтарап соттун чечими
28-статья. Бейтарап соттун чечими акыркы чечим
1. Бейтарап соттун чечими акыркы чечим болуп саналат жана ушул статьяда каралган учурларды кошпогондо, талаш-тартыштын маңызы боюнча талашууга жатпайт. Тараптар бейтарап соттун чечимин чечимде белгиленген тартипте жана мөөнөттө аткарууга милдеттүү.
2. Бейтарап соттун чечими чыгарылган талаш-тартыштын тарабы болуп мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, мамлекеттик же муниципалдык мекеме жана ишкана, мамлекеттик же муниципалдык катышуу үлүшү бар башка юридикалык жактар болгон учурларда бейтарап соттун чечими даттанылышы мүмкүн.
Бейтарап соттун чечимин жокко чыгаруу жөнүндө арыз берүү үчүн негиз болуп ушул Мыйзамдын 361-статьясынын 3-пунктунун 1-6-пунктчаларында каралган учурлар эсептелет.
(КР 2025-жылдын 23-майындагы № 106 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
29-статья. Бейтарап соттун чечим кабыл алышы
1. Эгерде колдонулуучу эрежелерде же тараптардын макулдашуусунда башкача белгиленбесе, бейтарап соттун чечими иштин жагдайын изилдеп бүткөндөн кийин бейтарап арбитрлердин көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Чечим бардык жагдайлардын толук жана объективдүү каралышына негизделет. Чечим бейтарап соттун атынан кабыл алынат жана анын заседаниесинде жарыяланат. Эгерде тараптардын макулдашуусунда башкача белгиленбесе, бейтарап сот чечимдин резолюциялык бөлүгүн гана жарыялоого акылуу. Бул учурда чечимдин резолюциялык бөлүгү жарыялангандан кийин жүйөөлүү чечим 5 күндөн кечиктирилбестен тараптарга жөнөтүлүүгө тийиш.
Бейтарап соттун мүчөлөрүнүн көпчүлүгү кабыл алган чечимге макул болбогон арбитр өзүнүн өзгөчө пикирин жазып берүүгө акылуу, ал чечимге тиркелет. Тараптар бейтарап арбитрдин өзгөчө пикири менен таанышууга укуктуу.
2. Эгерде бул талаш-тартышты чечүү үчүн керек деп табылса, бейтарап сот чечимдин кабыл алынышын кийинкиге калтырууга жана тараптарды кошумча заседаниеге чакырууга укуктуу.
3. Бейтарап соттун чечими бейтарап териштирүүнүн жеринде, бейтарап сот тарабынан жарыяланган күндөн тартып кабыл алынган болуп саналат.
30-статья. Жарашуу макулдашуусу
Эгерде талаш-тартыштын маани-маңызы боюнча бейтарап сот чечим чыгарганга чейин тараптар талаш-тартышты жөнгө салуу жөнүндө макулдаша алышса жана бейтарап сот буга макул болсо, бейтарап сот тараптар макулдашкан шарттардагы жарашуу макулдашуусун бекитүүчү чечимин чыгарат.
Жарашуу макулдашуусун бекитүү жөнүндө кабыл алынган чечим менен бирге бейтарап сот бейтарап териштирүүнүн токтотулушу жөнүндө аныктама чыгарат.
31-статья. Бейтарап соттун чечиминин формасы жана мазмуну
1. Бейтарап соттун чечими жазуу жүзүндө кабыл алынат жана бейтарап соттун бүткүл курамы кол коет.
2. Бейтарап соттун чечиминде төмөндөгүлөр камтылууга тийиш:
1) аны кабыл алган күн, бейтарап соттун курамы, териштирүү жүргүзүлүүчү жери жана убагы;
2) бейтарап териштирүүнүн (талаш-тартыштын) тараптарынын аталышы, алардын өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын көрсөтүү менен фамилиялары жана кызматы;
3) талаш-тартыштын, арыздын, расмий өтүнүчтүн мазмуну, териштирүүгө катышкан адамдардын түшүндүрмөлөрү;
4) бейтарап сот белгилеген иштин жагдайлары, бул жагдайлар жөнүндө бейтарап соттун корутундусуна негизделген далилдер, чечимди кабыл алууда бейтарап сот жетекчиликке алган мыйзамдар жана дагы башка ченемдик укуктук актылар;
5) чечим негизделген жүйөөлөр;
6) төмөндөгүлөр көрсөтүлгөн резолюциялык бөлүк:
- кабыл алынган чечимдин мазмуну;
- ишти кароого байланышкан чыгымдардын бөлүштүрүлүшү;
- кабыл алынган чечимди аткаруу мөөнөтү жана тартиби.
32-статья. Кошумча чечим
1. Тараптардын бири экинчи тарапка билдирүү берип, бейтарап сот чечим чыгарган күндөн тартып 30 күн ичинде бейтарап териштирүүнүн жүрүшүндө айтылган, бирок чечимде чагылдырылбай калган талаптар боюнча кошумча чечим чыгаруу жөнүндө арыз менен бейтарап сотко кайрыла алат.
2. Бейтарап сот арыз карала турган жери жана мөөнөтүн көрсөтүп, тараптарга билдириши керек. Тараптын же тараптардын келбей калышы кошумча чечим чыгаруу жөнүндө арызды кароого жана чечүүгө жолтоо болбойт.
Кошумча чечимди чыгаруу жөнүндө арыз аны кароого кабыл алган күндөн тартып 30 күндүн ичинде каралышы керек.
33-статья. Чечимди түшүндүрүү
1. Бейтарап сот чечим чыгарган күндөн тартып 30 күн ичинде тараптардын бири экинчи тарапка билдирүү берип, чечимдин кайсы бир белгилүү пунктун же бөлүгүн түшүндүрүү жөнүндө арыз менен бейтарап сотко кайрылууга укуктуу.
2. Эгерде чечим аткарыла элек болсо жана аны мажбурлап аткартуу мөөнөтү аяктай элек болсо, чечимди түшүндүрүүгө уруксат берилет.
Чечимди түшүндүрүү жөнүндөгү маселе бейтарап соттун заседаниесинде тараптардын катышуусу менен чечилет, бирок алардын келбей калышы чечимди түшүндүрүү жөнүндөгү маселени караганга тоскоол болбойт.
3. Бейтарап сот чечимдин мазмунун өзгөртпөстөн аны алган күндөн тартып 30 күн ичинде тиешелүү түшүндүрмө бериши керек. Мындай түшүндүрмө чечимдин курамдык бөлүгү болуп калат.
34-статья. Жазуудагы жаңылыштыктарды, ката басылгандарды, арифметикалык каталарды оңдоо
1. Бейтарап сот чечим чыгарган күндөн тартып 30 күн ичинде өзүнүн демилгеси менен же тараптардын биринин арызы боюнча башка тарапты кабардар кылып, чечимде кетирилген жазуудагы жаңылыштыкты, ката басылгандарды, арифметикалык каталарды оңдой алат.
2. Чечимди оңдоо жөнүндө маселе бейтарап соттун заседаниесинде тараптардын катышуусу менен чечилет, бирок алардын келбей калышы чечимди оңдоо жөнүндө маселени кароого тоскоолдук болбойт.
35-статья. Бейтарап соттун актылары
Талаш-тартыш маани-маңызы боюнча чечилгенде бейтарап сот чечим чыгарат. Бейтарап соттун чечими мыйзамдуу жана негизделген болушу керек.
Талаш-тартыштын маани-маңызын козгобогон маселелер боюнча бейтарап сот аныктама чыгарат, ал жүйөлүү болушу керек.
Бир жолку бейтарап соттун актылары арбитрдин (арбитрлердин) колтамгасынын аныктыгын күбөлөндүрүү жолу менен нотариустан тастыкталышы керек.
36-статья. Бейтарап териштирүүнүн токтотулушу
1. Бейтарап териштирүү талаш-тартыштын маани-маңызы боюнча чечим кабыл алуу менен же төмөндөгүдөй учурларда токтотулат:
1) доогер өзүнүн талаптарынан баш тартып, жоопкер териштирүүнүн токтотулушуна каршы болбогон учурда;
2) тараптар териштирүүнү токтотуу жөнүндө макулдашууга жетишкенде;
3) эгерде талаш-тартыш бейтарап сотто каралбоого тийиш болсо;
4) тараптар жарашуу келишимин түзүшсө.
361-статья. Бейтарап соттун чечимине даттануунун тартиби
1. Бейтарап соттун чечимине ушул Мыйзамдын 28-статьясынын 2-пунктунда көрсөтүлгөн бейтарап териштирүүнүн тараптары, алардын укуктарына жана милдеттерине карата бейтарап соттун чечими чыгарылган күндөн тартып 30 күндүн ичинде даттанышы мүмкүн.
2. Бейтарап соттун чечимин жокко чыгаруу жөнүндө арыз бейтарап соттун жайгашкан жери боюнча райондук же шаардык сотко берилет. Бейтарап соттун чечимин жокко чыгаруу жөнүндө арызды берүү бейтарап соттун чечимин аткарууну токтотуп турат.
3. Бейтарап соттун чечимин жокко чыгаруу жөнүндө арыз жарандык сот өндүрүшүнүн эрежелери боюнча келип түшкөн күндөн тартып 30 күндүн ичинде райондук же шаардык соттун судьясы тарабынан жеке каралат. Бул учурда судья төмөнкүлөрдү текшерет:
1) талаш-тартышты бейтарап сотко берүү жөнүндө макулдашууну түзүүдө тараптардын аракетке жөндөмдүүлүгүн;
2) арбитрди дайындоо же бейтарап териштирүү жөнүндө тараптардын талаптагыдай кабарлангандыгын;
3) бейтарап соттун курамынын же бейтарап териштирүүнүн жол-жоболорунун тараптардын макулдашуусуна же колдонулуучу эрежелерге шайкеш келишин;
4) тараптардын ортосунда талаш-тартышты бейтарап сотко берүү жөнүндө бейтарап макулдашуунун болгондугун, макулдашуунун чектери жөнүндө мазмунду;
5) бейтарап макулдашуунун жараксыздыгы жөнүндө тараптын арызынын негиздүүлүгүн;
6) талаш-тартыштын объекти Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча бейтарап териштирүүнүн предмети боло ала тургандыгын.
4. Эгерде биринчи инстанциядагы соттун судьясы арызды ушул статьянын 3-пунктунун 2, 3 жана 4-пунктчаларында белгиленген негиздер боюнча негиздүү деп тапса, анда ал бейтарап соттун чечимин жүйөөлүү түрдө жокко чыгарат жана материалдарды кайрадан бейтарап териштирүүнү жүргүзүү үчүн кайтарат.
5. Эгерде биринчи инстанциядагы соттун судьясы арызды ушул статьянын 3-пунктунун 1, 5 жана 6-пунктчаларында көрсөтүлгөн негиздер боюнча негиздүү деп тапса, анда ал бейтарап соттун чечимин жүйөөлүү түрдө жокко чыгарат.
Ушул статьянын 3-пунктунун 1, 5 жана 6-пунктчаларында көрсөтүлгөн негиздер боюнча бейтарап соттун чечимин жокко чыгаруу бейтарап териштирүүнүн тараптарынын жарандык сот өндүрүшүнүн эрежелери боюнча сотко кайрылуусуна тоскоолдук кылбайт.
6. Бейтарап соттун чечимин жокко чыгаруу жөнүндө арызга бейтарап соттун, эл аралык жана чет өлкөлүк бейтарап соттордун (арбитраждын), чет өлкөлүк соттордун чечимдерин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арыздардан алынуучу мамлекеттик алым төлөнөт.
7. Райондук жана шаардык соттун чечимдери алар чыгарылган күндөн тартып үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 40-главасында каралган тартипте кассациялык инстанциядагы сотко даттанылышы мүмкүн.
(КР 2025-жылдын 23-майындагы № 106 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
37-статья. Иштерди сактоо
Бир жолку бейтарап сот караган иш "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган тартипте ал тарабынан ыамлекеттик органга сакталганга берилет.
Эгерде колдонулуучу эрежелерде башкача белгиленбесе, туруктуу иштеген бейтарап сот тарабынан каралган иш ушул бейтарап сотто сакталат.
6-Глава Бейтарап соттогу талаш-тартышты кароо менен байланышкан чыгымдар
38-статья. Бейтарап соттогу талаш-тартышты кароо менен байланышкан чыгымдар
1. Бейтарап соттогу талаш-тартышты кароо менен байланышкан чыгымдар төмөндөгүлөрдү камтый алат:
- арбитрлерге берилген калемакыны;
- туруктуу иштеген бейтарап соттун чыгымдарын;
- арбитрдин жол жүргөнүнө кетүүчү чыгымдарды, дагы башка чыгымдарды;
- талаш-тартышты кароо менен байланышкан башка чыгымдарды.
2. Туруктуу иштеген бейтарап соттун арбитрлерине берилүүчү калемакылардын өлчөмү колдонулуучу эрежелерде белгилениши мүмкүн.
3. Бир жолку бейтарап соттун арбитрлеринин калем акыларынын өлчөмү тараптардын макулдашуусу менен аныкталат.
4. Бейтарап сот өзү чыгарган чечимди оңдоо, чечимге түшүндүрмө берүү, кошумча чечим чыгаруу же талаш-тартышты кайталап кароо үчүн кандайдыр бир калемакыларды белгилөөгө укуксуз.
39-статья. Чыгымдарды авансылоо. Бейтарап соттогу талаш-тартышты кароого байланышкан чыгымдарды тараптардын ортосунда бөлүштүрүү
1. Бейтарап сот түзүлгөндөн кийин ушул Мыйзамдын 38-статьясында каралган чыгымдарды жабууга аванс катары тараптардын ар биринен бирдей суммаларды төгүүнү талап кылууга укуктуу.
Эгерде аванс төгүү жөнүндө өтүнүч келип түшкөндөн кийин талап кылынуучу аванс 30 күн ичинде толугу менен төгүлбөсө, бейтарап сот тараптардын бири талап кылынуучу төлөмдү төккүдөй болсун деп билдирет.
Эгерде аванс тараптар макулдашылган өлчөмдө жана шарттарда төгүлбөсө, бейтарап сот бейтарап териштирүүнү өткөрүүдөн баш тартууга же аны токтото турууга укуктуу.
2. Эгерде тараптардын макулдашуусунда башкача белгиленбесе, бейтарап сотто талаш-тартышты кароого байланышкан чыгымдарды бөлүштүрүү жөнүндөгү бардык маселелерди бейтарап сот өз алдынча чечет.
3. Талаш-тартышты кароого байланышкан чыгымдарды бөлүштүрүү чечимде же аныктамада көрсөтүлөт.
Тараптардын ортосундагы талаш-тартышты кароого байланышкан чыгымдарды бөлүштүрүү жөнүндөгү жобо бейтарап соттун чечиминин курамдык бөлүгү болуп саналат жана милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
7-Глава Бейтарап соттун чечимин аткаруу
40-статья. Бейтарап соттун чечимин аткаруу тартиби
1. Бейтарап соттун чечими чечимде белгиленген тартипте жана мөөнөттө ыктыярдуу аткарылат.
Эгерде бейтарап соттун чечиминде аткаруу мөөнөтү каралбаса, ал токтоосуз аткарылууга тийиш.
2. Эгерде бейтарап соттун чечими ыктыярдуу аткарылбаса, ал мажбурлап аткартылууга тийиш.
41-статья. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуу
1. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуу компетенттүү сот тарабынан бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартууга аткаруу барагын берүү менен ишке ашырылат.
2. Аткаруу барагын берүү жөнүндө арызды таламдаш тарап төлөмөрдүн жашаган же жайгашкан жери боюнча компетенттүү сотко берет.
3. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартууга аткаруу барагын берүү жөнүндө арыз чечим кабыл алынган учурдан тартып үч жылдын ичинде берилиши мүмкүн.
Арызга төмөндөгү документтер милдеттүү түрдө тиркелет:
1) бейтарап соттун чечиминин түп нускасы же чечимди чыгарган орган тарабынан ырасталган чечимдин көчүрмөсү же болбосо нотариустан күбөлөндүрүлгөн чечимдин көчүрмөсү;
2) бейтарап сотто (бейтарап макулдашууда) талаш-тартышты чечүү жөнүндө макулдашуунун түп нускасы же макулдашуунун нотариустан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
3) мамлекеттик алым төлөнгөндүгүн ырастаган документтер.
"Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын Талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борборунун жана башка бейтарап соттордун чечимдери "Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ага ылайык кабыл алынган, аталган Мыйзамдан келип чыгуучу актыларда жана "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын актыларында белгиленген тартипте аткарылууга тийиш.
Талаш-тартышты бейтарап соттун чечүүсүнө өткөрүп берүү жөнүндө чечимдин, макулдашуунун тексти Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдеринде берилет. Тексттин котормосу котормочунун нотариустан күбөлөндүрүлгөн колу менен тастыкталышы керек.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
42-статья. Аткаруу барагын берүүдөн баш тартуу үчүн негиздер
Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартууга аткаруу барагын берүү жөнүндө арызды кароодо компетенттүү сот аткаруу барагын төмөндөгүдөй учурларда берүүдөн баш тарат:
1) эгерде тараптардын бири компетенттүү сотко талаш-тартышты бейтарап соттун кароосуна өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууну түзүүдө экинчи тараптын иш-аракетке жарамдуу эмес экендиги тууралу далилдерин берсе;
2) эгерде тараптардын бири арбитрди дайындоо же бейтарап териштирүү жөнүндө тийиштүү деңгээлде кабарланбаса;
3) эгерде бейтарап соттун курамы же бейтарап териштирүү жол-жобосу тараптардын макулдашуусуна же колдонулуучу эрежелерге туура келбесе;
4) эгерде бейтарап соттун чечими тараптардын макулдашуусунда каралбаган же анын шарттарына туура келбеген талаш-тартыш боюнча кабыл алынса же көрсөтүлгөн макулдашуунун алкагынан чыккан маселелер боюнча көрсөтмөлөрдү камтыса. Эгерде бейтарап макулдашуу камтыган маселелер боюнча көрсөтмөлөр мындай макулдашууда камтылбаган маселелерден ажыратылса, анда бейтарап макулдашууда камтылган маселелер боюнча көрсөтмөлөрдү камтыган бейтарап соттун чечиминин бир бөлүгү аткарылышы мүмкүн жана бул бөлүктү аткартууга аткаруу барагын берүүдөн баш тартылышы мүмкүн эмес;
5) эгерде тарап бейтарап макулдашуунун анык эместиги жөнүндө арызды негиздеп берсе, ал эми бейтарап сот талаш-тартышты кароого алса жана талаш-тартыштын маани-маңызы боюнча чечим чыгарса;
6) эгерде компетенттүү сот талаш-тартыш объекти Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча бейтарап териштирүүнүн заты болушу мүмкүн эместигин аныктаса.
Эгерде ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн 2, 3 жана 4-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча компетенттүү сот мажбурлап аткартуу жөнүндө аткаруу барагын берүүдөн баш тартса, аткаруу барагын берүүгө баш тартылган чечимди чыгарган бейтарап сот кайталап бейтарап териштирүү өткөрүүгө милдеттүү.
43-статья. Мөөнөттөрдү калыбына келтирүү
1. Эгерде компетенттүү сот ушул Мыйзамдын 41-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөттү өткөрүп жиберүүнүн себептерин жүйөөлүү деп тапса, бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартууга аткаруу барагын берүү жөнүндө арызды берүүгө мөөнөттү калыбына келтирүүгө укуктуу.
2. Эгерде эл аралык келишимдерде же макулдашууларда башкача белгиленбесе, мөөнөттү калыбына келтирүү жол-жобосу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленет.
44-статья. Аткаруу барагын берүү жөнүндө арызды кароо
1. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартууга аткаруу барагын берүү жөнүндө арыз Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каралат.
2. Арызды кароо мезгили жана жери жөнүндө тараптар тиешелүү түрдө билдирилет, бирок тараптардын биринин келбей коюшу арызды кароого жолтоо болбойт.
3. Бейтарап соттун чечимин ыктыярдуу аткарбаган тарап компетенттүү сотко бейтарап соттун чечимин кайсы себептер боюнча аткарбай жүргөндүгүнүн себептерин көрсөтүү менен түшүндүрмө берүүгө укуктуу.
4. Компетенттүү сот тарабынан арызды кароонун жыйынтыктары боюнча аткаруу барагын берүү же аны берүүдөн баш тартуу жөнүндө аныктама чыгарылат. Компетенттүү соттун аныктамасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
8-Глава Талаш-тартыштардын айрым түрлөрүн бейтарап соттун кароосу
45-статья. Ушул Мыйзамдын жоболорун жарандардын катышуусу менен болгон талаш-тартыштарга колдонуу
1. Эгерде тараптардын макулдашуусунда же мыйзамда башкача белгиленбесе, талаш-тартыштарды бейтарап соттун кароосуна өткөрүп берүүдө биринчи же экинчи тараптан тең жарандар чыгып сүйлөшсө, ушул Мыйзамдын жоболору колдонулат.
2. Бейтарап соттордо төмөнкүдөй иштер каралбайт:
- сот аткаруучусунун токтомдоруна жана башка аракеттерине (аракетсиздигине, аракет жасоодон баш тартууга) даттануулар боюнча;
- юридикалык мааниси бар фактыларды (юридикалык фактыларды) далилдөө боюнча;
- жоготулган баалуу кагаздар боюнча укуктарды калыбына келтирүү;
- банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө;
- жарандын өмүрүнө же ден соолугуна келтирилген зыяндын ордун төлөп берүү жөнүндө;
- ар-намыс, кадыр-барк жана ишкер беделди коргоо жөнүндө;
- мурастык укуктук мамилелерден келип чыгуучу;
- никеге туруу жана никенин токтотулушунун тартибине жана шарттарына тийиштүү;
- үй-бүлөдө жубайлардын, ата-эне менен балдардын, үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнүн ортосунда жеке жана мүлктүк эмес мамилелерге тийиштүү;
- эркек баланы асырап алууга, камкордук менен көзөмөлдүккө, балдарды тарбияга алууга байланыштуу келип чыгуучу;
- жарандык абалдын актыларын каттоодо келип чыгуучу;
- мыйзам тарабынан бейтарап соттун чечүүсүнө берүүгө мүмкүн болбогон талаш-тартыштар.
46-статья. Инвестициялык талаш-тартыштарды кароо
(КР 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 46 Мыйзамына ылайы күчүн жоготту)
46-1-статья. Салыктык талаш-тартыштарды кароо
(КР 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
47-статья. Демилгечи болуу билдирүүсү
Демилгечи болуу билдирүүсү төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш:
1) билдирүү берген жак жөнүндө маалыматтарды (аталышы, юридикалык дареги, телефону, факсы, электрондук почтасы);
2) талаш-тартышты кароого берүүнү каалаган бейтарап соттун аталышы жана жайгашкан жерин;
3) талаш-тартыш пайда болгон жактын же уюмдун аталышын жана алардын юридикалык дарегин;
4) тарап берген талаптын укуктук маани-маңызын жана чыныгы базасын аныктоо үчүн талаш-тартыштын жалпы мазмуну;
5) тарап жетишүүнү каалаган талаптардын бааланышын аныктоону;
6) талаш-тартыш туурасында компетенттүү сотто кандайдыр бир териштирүү башталганбы деген маалыматты.
9-Глава Корутунду жоболор
48-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2007-жылдын 7-августунда № 59-60 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А. Акаев |
|
|
|
2002-жылдын 28-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган |