Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-декабры № 1
Оро айыл аймагындагы социалдык обьектилер жөнүндө
Оро айылдык кеңешинин 10-чакырылышынын кезектеги 32-сессиясы 1-май айылындагы курулуп, аяктоо алдында турган социалдык обьектилер боюнча каралган маселелерди талкуулап, тактап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Оро айыл өкмөтүнүн 1-май айылындагы жыйындар залынын жана бала бакчанын курулуш иштери аяктап калгандыгына байланыштуу, курулуш иштеринин сапаттуу жүргүзүлгөндүгүнө көзөмөл жүргүзүп, кабыл алуу алдында мониторинг жүргүзүү боюнча комиссия курамын бекитүү айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
2. Түзүлгөн комиссиянын курамына айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын башчылары киргизилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Казымовго жүктөлсүн.
Төрага | Н.Жаманкулов |