Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-декабры № 2
2019-жылдын бюджетине Республикалык максаттуу гранттан келген акча каражатын бекитүү жөнүндө
Оро айылдык Кенешинин 10 - чакырылышынын кезектеги 32- сессиясы Оро айылдык аймагынын финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын сунушу боюнча Оро айылдык аймагынын бюджетине Республикалык максаттуу гранттан келген акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап Оро айылдык Кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019 – жылдын бюджетине Республикалык максаттуу гранттан келип түшкөн акча каражаты 416600 сом өлчөөмүндө белгиленсин жана анын ичинен :
- Турак- жай бөлүмүнө;
2222 статьясына – 316600 сом
3112 статьясына – 100000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин
-Бүгүнкү күндө айлык акыга жана соцфондко карызыбыз жок.
2. Оро айылдык аймагынын финансы экономика бөлүмүнүн башчысына жогорудагы көрсөтүлгөн акча каражатын токтомдун негизинде бөлүп берүү жагы милдеттендирилсин
3. Оро айылдык аймагынын башчысы М.Казымов, бөлүнгөн акча каражатын өз багытында натыйжалуу пайдалануу жагын көзөмөлдүккө алсын
Төрага | Н.Жаманкулов |