Редакцияот 04.12.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2019-жылдын 04-декабры № 3

1-май айылындапгы мектептин чатырчасын которуу жөнүндө

Оро айылдык кеңешинин 10-чакырылышынын кезектеги 32-сессиясы 1-май айылында 2019-жылдын 29-ноябрь айында каралган маселелерди талкуулап, тактап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Оро айыл өкмөтүнүн 1-май айылындагы Т.Чолушев орто мектебинин чатырын алмаштыруу (которуу) максаттуу жана керектүү деп табылсын.

2. Оро айыл өкмөтүнүн 1-май айылындагы Т.Чолушев атындагы орто мектебинин чатырын которуу үчүн долбоорду даярдоо жагы Оро айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу жана муниципалдык менчик боюнча адиси Т.Жаманкуловго тапшырылсын.

3.Долбоорду ишке ашыруудагы өздүк салым 734000(жети жүз отуз төрт) миң сом болуп белгиленсин, анын ичинен 700000(жети жүз) миң сому өздүк салым катары жана 34000(отуз төрт) миң сому долбоордун документтерин даярдоого каралсын, жогорудагы акча каражат накталай түрүндө айыл өкмөтүнүн 3111 статьясынан 2020-жылдын бюджетинин эсебинен кароо жагы сунушталсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Казымовго жүктөлсүн.

 

Төрага

Н.Жаманкулов