Загрузка документа…
КРАСНЫЙ ВОСТОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 29 июлу № 20/2
Бюджет боюнча жылдыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу" Мыйзамынын 18-беренесинин негизинде, ошондой эле “2020-ж. 19.07. саат 17:10дон 17:20га чейин Красный Восток айыл аймагындагы күчтүү шамалдын кесепеттери жөнүндө” Красный Восток айыл аймагынын 20.07.20-жылдагы актына ылайык жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы А.Т. Кадыралиеванын бюджеттик эсеп боюнча жылдыруу жөнүндө маалыматын угуп, Красный Восток айылдык аймагынын сессиясы токтом кылат:
1. "Аленушка" бала-бакчасына мор түтүгүн орнотуу үчүн, Красный Восток айыл өкмөтүнүн бюджеттик эсеби боюнча жалпы суммасы 400,0 (төрт жүз миң) сом төмөндөгү бөлүмдөр жана беренелер боюнча жылдыруу жүргүзүлсүн (билдирүү тиркелет):
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын Красный Восток айылдык кеңешинин бюджет боюнча депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б.Закиров |