Загрузка документа…
КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 16-декабры № 145/XLIV - 3
“Пландан тышкары айыл чарба эмес жерлердижана муниципалдык квартираларды сатуудантүшкөн каражатын пайдалануу жөнүндө”
Кайыңды шаарынын мэриясынын финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын «Кайыңды шаарынын мэриясынын 2020-жылынын бюджетинин аткарылышы жөнүндө» маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин “Пландан тышкары айыл чарба эмес жерлерди жана муниципалдык квартираларды сатуудан түшкөн каражатын” негизинде, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1. Кайыңды шаарынын мэриясынын 2020 – жылынын бюджетинин пландан тышкары айыл чарба эмес жерлерди 206,8 мин.сом жана муниципалдык квартираларды 1171,2 сатуудан түшкөн жалпы 1378,0 мин.сом каражатын Кайыңды шаарынын мэриясынын 2020 – жылынын бюджетинин кирише жана чыгаша бөлүмүнө кошуп жана төмөнкү беренесине колдонуга уруксат берилсин:
- 3111 беренесине ( имарат жана курулуш)
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У.Б. Абдрасулов |