Загрузка документа…
КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 16-декабры № 143/XLIV - 1
“Кайыңды шаарынын мэриясынын, мэриянын алдындагы муниципалдык менчик боюнча бөлүмдүн, шаардык кенештин жана Кайыңды шаарынын мэриясынын китепканасынын кызматкерлерине сый акыга уруксаат берүү жөнүндө”
"Жаңы жыл" майрамын майрамдоонун урматына Кайыңды шаарынын мэриясынын профсоюздук чогулуштун протоколун карап чыгып, Кайыңды шаардык кенешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1."Жаңы жыл" майрамын майрамдоонун урматына Кайыңды шаарынын мэриясынын, мэриянын алдындагы муниципалдык менчик боюнча бөлүмдүн, шаардык кенештин жана Кайыңды шаарынын мэриясынын китепканасынын кызматкерлерине бир айлык кызмат орундук маяна өлчөмүндө сый акы берүүгө уруксаат берилсин.
2.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Ушул токтомдун ишке ашырылышын көзөмөлгө алуу милдети бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | У.Б. Абдрасулов |