Загрузка документа…
КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 22-октябры № 142/XLIII-1
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Күнүнө карата сый акы берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кайыңды шаарынын мэринин сунушун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 17-пунктунун негизинде, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Күнүнүн урматына, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Күнүнө карата мэриянын, шаардык кеңештин, мэриянын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн, мэриянын китепканасынын кызматкерлерине бир оклад өлчөмүндөгү сый акы берилсин.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун ишке ашырылышын көзөмөлгө алуу милдети бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | У.Б. Абдрасулов |