Загрузка документа…
КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25-августу № 136/XL-1
“Кайыңды шаарынын мэри Иманкулов Эркин Токтаалиевичтин кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну акы төлөөнүн орточо өлчөмүн сактоо менен убактылуу токтотуу жөнүндө”
Кайыңды шаарынын мэри Э.Т. Иманкуловдун “2020-жылдын 4-октябырында өтө турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоосуна анын талапкерлерлиги “Кыргызстан” саясий партиясынын тизмесине киргенине байланыштуу ыйгарым укутарын аткарууну убактылуу токтоту жөнүндө” арызын карап чыгып,
2011-жылдын 2-июлюндагы Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө "Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-беренесин сактоо максатында, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу Жөнүндө", мыйзамынын 31-беренесинин 1 пп. 2, ылайык, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1.2020- жылдын 25-августунан баштап 2020-жылдын 4-октябырында боло турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайлоонун натыйжаларын аныктоого чейин эмгек акысынын орточо өлчөмүн сактоо менен Кайыңды шаарынын мэри Иманкулов Эркин Токтаалиевичтин кызматтык милдеттери токтотулсун.
2.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарына жүктөлсүн
Төрага | У.Б. Абдрасулов |