Загрузка документа…
КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25-августу № 137/XL-2
“Кайыңды шаарынын мэринин кызматтык милдеттерин убакытылуу Кайыңды шаарынын вице-мэри Джумабаев Эрнур Нурадиновичке жүктөө жөнүндө”
Кайыңды шаарынын мэри Э.Т. Иманкуловдун “2020-жылдын 4-октябырында өтө турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоосуна анын талапкерлерлиги “Кыргызстан” саясий партиясынын тизмесине киргенине байланыштуу ыйгарым укутарын аткарууну убактылуу токтоту жөнүндө” арызын карап чыгып,
2011-жылдын 2-июлюндагы Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө "Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-беренесин сактоо максатында, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу Жөнүндө", мыйзамынын 31-беренесинин 1 пп. 2, ылайык, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1.2020- жылдын 25-августунан баштап 2020-жылдын 4-октябырында боло турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайлоонун натыйжаларын аныктоого чейин мэрдин убактылуу аткаруу милдетти Кайыңды шаарынын вице-мэри Джумабаев Эрнур Нурадиновичке жүктөлсүн.
2.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарына жүктөлсүн.
Төрага | У.Б. Абдрасулов |