Загрузка документа…
КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-сентябры № 138/XLI-1
Мейманкана кызматын көрсөтүүгө прейскурант баасын бекитүү жөнүндө
Кайыңды шаарынын мэриясынын 2020-жылдын 24-сентябрындагы №01-6-616 “Кайыңды шаарынын мэриясы тарабынан көрсөтүлүүчү мейманкана кызматынын прейскурант баасын бекитип берүү жөнүндө” катын карап чыгып, мэриянын бюджетинин киреше бөлүмүнө муниципалдык менчтикти колдонуу жолу менен, кошумча акча каражатынын түшүүсүн колдоо максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 1-пунктунун, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндө” мыйзамынын 5-беренесинин 8-пунктунун негизинде Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1.Кайыңды шаарынын мэриясы тарабынан көрсөтүлүүчү мейманкана кызматынын прейскурант баасы 1- тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарына жүктөлсүн.
Төрага | У.Б. Абдрасулов |