Загрузка документа…
КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-сентябры № 139/XLI-2
Күз-кыш мезгилине даярдык көрүүгө акча каражаттарын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кайыңды шаарынын мэриясынын 24.09.2020-жылдын №01-6-5 “Күз-кыш мезгилине даярдык көрүүгө акча каражаттарын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө” катын карап чыгып, бир жолку финансылык колдоо көрсөтүү максатында Кайыңды шаардык кеңещинин, Кайыңды шаарынын мэриясынын, Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча бөлүмүнүн, Кайыңды шаарынын мэриясынын китепканасынын кызмат адамдарына. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 31-пунктунун негизинде ” Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
Кайыңды шаардык кеңещинин, Кайыңды шаарынын мэриясынын, Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик боюнча бөлүмүнүн, Кайыңды шаарынын мэриясынын китепканасынын кызмат адамдарына 4000 мин сом өлчөмүндө күз-кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн акча каражаттарын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Председатель | У.Б. Абдрасулов |