Загрузка документа…
КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-сентябры № 140/XLI-3
“Мугалимдер жана карылар күнүнө” карата иш-чарага акча каражатын бөлүүгө макулдук берүү тууралуу
Кайыңды шаарынын мэриясынын 2020-жылдын 24-сентябрындагы №01-6-616 “Мугалимдер жана карылар күнүнө” карата иш-чара өткөрүүгө акча каражатын бөлүп берүү тууралуу” катын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесинин 1-пунктунун негизинде Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1.“Мугалимдер жана карылар күнүнө” карата иш-чарага мэриянын бюджетинен 570 500 миң сом өлчөмдөгү акча каражатын бөлүүгө уруксаат берилсин.
2.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарына жүктөлсүн.
Төрага | У.Б. Абдрасулов |