Загрузка документа…
КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 30-сентябры № 141/XLII-1
Кайыңды шаарынын аймагында зоналдык коэффициенттин (Кз) манилүүлүгүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 339 беренесинин 4 пунктунун негизинде, жергиликтүү бюджетке кошумча киреше кирип турушу үчүн жана келе жаткан жылдын коюлган максаттарынын, ошондой элэ долбоорлорун ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 4-пунктунун негизинде Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1.Жайгашкан жерлерди пайдалануу үчүн, чарбачылык эмес, үйдүн тегереги жерлерди пайдалангандыгы үчүн, ошондой элэ бак-шактуу жер үлүшүн пайдалангандыгы үчүн Кайыңды шаарынын аймагында 2021 жылына, 2021 жылдын 1 январынан тартып 1.2 өлчөмүндө зоналдык коэффициент (Кз) бекитилсин .
2.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У.Б. Абдрасулов |