Редакцияот 14.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОН-КЕМИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 14-ноябры № XXVII/15-2

Токтомго ѳзгѳртүү киргизүү жѳнүндѳ

Чоң-Кемин айылдык кенешинин 2018-ж. 09- февралиндагы № ХХVII /10-4 токтомуна ѳзгѳртүү киргизүү маселени карап, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кенештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ мыйзамын жетекчилике алып, Чоң-Кемин айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Чоң-Кемин айылдык кенешинин 2018-ж. 09- февралиндагы № ХХVII /10-4 токтомуна тѳмѳндѳгүдѳй ѳзгѳтүүлѳр киргизилсин.

2.2018-ж. 09- февралиндагы № ХХVII /10-4 токтомунда кѳрсѳтүлгѳн Тѳрт-Күл айылындагы Ч Айтматов кѳч № 31 кварталындагы контурда жайгашкан ат кана 0,25 га жер аянты менен жана кѳрсѳтүлгѳн Тѳрт-Күл айылындагы Ч. Айтматов кѳч № 17 «Чон-Кемин» жаратылыш паркынын конторасы жер аянты менен Чон-Кемин айыл ѳкмѳтүнүн балансасына ѳткѳрүлсүн деген 4- жана 6- пункттар, Тѳрт-Күл айылы Чон-Кемин айыл ѳкмѳтүнүн карамагында болбогондуктан алынып салынсын.

3.Калган объектилер боюнча Чоң-Кемин айылдык кенешинин 2018-ж. 09- февралиндагы № ХХVII /10-4 токтому күчүндѳ калтырылсын.

 

Айылдык Кенештин төрагасы

И.Ибраимов