Загрузка документа…
КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 6-октябры № XXVII/28-1
«Чоң-Кемин айылдык кеңешинин 2018-жылдын 9-февралындагы XXVII /10-4 сандуу, 2018-жылдын 14-ноябрындагы XXVII /15-2 сандуу жана 2019-жылдын 15-февралындагы XXVII /18-1 сандуу «Кыймылсыз мүлктѳрдү Чоң-Кемин айыл ѳкмѳтүнүн балансына киргизүү жѳнүндѳ» токтомдоруна ѳзгѳртүү киргизүү жѳнүндѳ»
Чүй областынын прокуратурасынын 2020-жылдын 7-сентябрындагы 11/113-20-сунушунун талаптарын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 112-бер. 3-б. 2 жана 4-пунктарын, 1999-жылдын 2-июнундагы 46 сандуу «Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин аткарылышын күчүнѳ киргизүү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 5-бер. жетекчиликке алып, Чоң-Кемин айыл аймагында жайгашкан кыймылсыз мүлктөрдү (объектилерди) Чоң-Кемин айыл ѳкмѳтүнүн балансына киргизүү маселесин карап, Чоң-Кемин айылдык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алып, Чоң-Кемин айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Кемин айылдык кеңешинин 2018-жылдын 9-февралындагы XXVII /10-4 сандуу, 2018-жылдын 14-ноябрындагы XXVII /15-2 сандуу жана 2019-жылдын 15-февралындагы XXVII /18-1 сандуу «Кыймылсыз мүлктѳрдү Чоң-Кемин айыл ѳкмѳтүнүн балансына киргизүү жѳнүндѳ» токтомдоруна тѳмѳндѳгүдѳй ѳзгѳтүүлѳр киргизилсин.
2. 2018-жылдын 9-февралындагы XXVII /10-4 сандуу токтомунда кѳрсѳтүлгѳн Тѳрт-Күл айылындагы Ч.Айтматов кѳчөсүндөгү №31 кварталындагы контурда жайгашкан ат кана 0,25 га жер аянты менен жана Тѳрт-Күл айылындагы Ч.Айтматов кѳчөсүндөгү №17 дарегиндеги «Чоң-Кемин» жаратылыш паркынын имараты жер аянты менен Чоң-Кемин айыл ѳкмѳтүнүн балансына ѳткѳрүлсүн деген 4 жана 6-пункттары, Тѳрт-Күл айылы Чоң-Кемин айыл ѳкмѳтүнүн карамагында болбогондуктан, алынып салынсын.
3. Мурдагы «Чоң-Кемин» совхозунун карамагында турган тѳмѳндѳгү кыймылсыз мүлктөр (объектилер) Чоң-Кемин айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкандыгына байланыштуу, Чоң-Кемин айыл ѳкмѳтүнүн балансына ѳткѳрүп алуу жана аларды пайдалануунун мыйзамдуулугун аныктоо боюнча тийиштүү иш чаралар жүргүзүлсүн.
-Калмак-Ашуу айылындагы картошка сактоочу объект 0,15 га жер аянты менен;
-Калмак-Ашуу айылындагы дан эгиндерин сактоочу жай 0,074 га жер аянты менен;
-Шабдан айылынын Данияров кѳчѳсүндѳ жайгашкан курулуш цех 0,94 га жер аянты менен;
-Тѳрт-Күл айылына кире бериш жердеги посттун маңдайындагы тоонун боорундагы чабандык үй кошарасы жана бастырмасы, 0,4075 га жер аянты менен.
4. Аталган кыймылсыз мүлктөрдү (объектилерди) Чоң-Кемин айыл ѳкмѳтүнүн балансына ѳткѳрүп алуу үчүн тийиштүү иш кагаздарын даярдап, аткаруу жагы Чоң-Кемин айыл ѳкмѳтүнѳ милдеттендирилсин.
Чоң-Кемин айылдык кеңешинин төрагасы |
И.М.Ибраимов |