Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 2-июну № 150/XXI-27
Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине сыйлык катары акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн жетекчиси Д. Эгемкулованын сунушуна ылайык: Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин COVID 19 илдетин алдын алуу максатында, тынымсыз иштеп жаткандыгын, тургундар дын коопсуздугун алдын алуу максатында жакшы иш чараларды уюштургандыгын эске алып, ошондой эле 21-март Нооруз майрамына карата, 23-июнь - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнүнө карата мыкты көрсөткүчтөрү үчүн аппарат кызматкерлерин бир айлык акысы менен сыйлоо жагын карап жана талкуулап,
Кочкорбаев айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине бир айлык акысы үстөк кошумчалары менен сыйлык катары берилсин.
2. Бул токтомду аткаруу Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Д. Эгемкуловага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага
|
А. Албекенов |