Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 2-июну № 153/XXI-27
Ысык-Ата райондук Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна тез жардам автоунаасын алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын кароо жөнүндө
Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 27.04.2020-жылдагы №787/01-48 БК кайрылуусуна ылайык, Ысык-Ата райондук Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна тез жардам автоунаасы өтө зарыл болгондугуна байланыштуу, унаага керектелүүчү каражатты айыл аймакта жашаган калктын санына жараша карап, айыл аймагындагы тургундардын санына жараша 1 кишинин башына 10 сомдон бюджеттен бөлүп берүү керек экендиги тууралуу Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Эгемкулова Динаранын айткан сунушун угуп жана талкуулап,
Кочкорбаев айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
Ысык-Ата райондук Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна тез жардам автоунаасын алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын берүүдөн баш тартылсын.
Социалдык жактан коргоо боюнча туруктуу комиссиясына, айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери менен биргеликте, демөөрчүлүк иштерин уюштуруп, акча каражатын чогултуу милдеттендирилсин.
Бул токтомду көзөмөлдөө жагы социалдык суроолор боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Токтомду көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Керимкуловго милдеттендирилсин.
Төрага
|
А. Албекенов |