Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 2-июну № 156/XXI-27
Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн 2021-2023-жылдар боюнча түзүлгөн бюджетинин божомолун кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Бюджеттин долбоорлорун калыптандыруу жөнүндө» Бюджет Кодексинин 19-бөлүм 89-беренесинин негизинде Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн 2021-2023-жылдар боюнча түзүлгөн бюджетинин божомолун карап чыгып,
Кочкорбаев айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл бюджетинин негизги параметрлеринин божомолу кирешелер боюнча жана чыгашалар боюнча божомолу кубатталсын:
2021 - жылга карата – 13724,9 миң сом суммасында;
2022 - жылга карата – 14559,7 миң сом суммасында;
2023 - жылга карата – 14646,0 миң сом суммасында.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкорбаев айыл Кеңешинин бюджет жана каржылоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
|
А. Албекенов |