Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
Авлетим айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 32-сессиясынын токтому
2019-жылдын 20-декабры № 32/1
Айылдык аймактын жамаат мүчөлөрүнүн жер үлүштөрүнүн пайдалануусу жана жер үлүшүнө күбөлүктөрдү алуусунун абалы жөнүндө
Айылдык кеңештин «Айыл чарбасы жана экология» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутунду сунушуна негиз жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Осмоналиевдин маалымдамасын угуп жана талкуулап, сессия
токтом кылат:
Айылдык акймактын жамаат мүчөлөрүнүн өз жер үлүштөрүнүн пайдалануусунун жана жер үлүштөрүнө мамлекеттик күбөлүктөрдү алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерде айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери жана айыл башчылары системалуу иш жүргүзбөй жаткандыктары белгиленсин.
Жергиликтүү жамаат мүчөлөрүнүн жер үлүштөрүн аныктап, чектерин белгилеп берүүдө айыл өкмөтүнүн тийиштүү адистери (жер адис, айыл башчылары) конкреттүү иш жүргүзүп, ар бир жер үлүшүнүн ээсине тиешелүү болгон жерлерди тактоо боюнча кечиктирилгис чараларды көрүүгө алардын көңүлдөрү бурулсун.
2020-жылдын 1-майына чейинки мөөнөттө ар бир үлүш жерди тактап, ченеп чыгуу менен карталарын чийдирип, күбөлүктөрдү алууга жетишүүнү камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн жетекчилигине милдеттендирилсин.
Жер үлүштөрүн тактап чыгуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшү боюнча айылдык кеңешке 2020-жылдын 15-мартына билдирүү айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Осмоналиевге милдеттендирилсин.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айьшдык кеңештин «Айыл чарбасы жана экология» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (А.Төлөбаев) жүктөлсүн.
Төрага | А.Шырдаков |