Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
Авлетим айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги отуз экинчи сессиясынын токтому
2019-жылдын 20-декабры № 32/2
«Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн №01-16/198 буйругунун негизинде Аксы районуна караштуу Авлетим айыл аймагынын 2017-жылдын 1-январынан тартып 2018-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы жөнүндө»
Авлетим айылдык Кенеши кун тартибиндеги маселени карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аныкталган кемчиликтерди жоюу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы №471 токтомуна ылайык "Сапар чыгымдарынын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык талаптарын так аткаруу, айыл өкмөттүн балансасында турган негизги жана айланма каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу, мамлекеттик фондудагы айыл-чарба жерлерин эффективдуу пайдалануу жагы эске алынсын.
2. Айыл өкмөтунун башчысына мындан ары кемчиликтерди болтурбоо максатында атайын адистер менен иш алып баруу жагы сунушталсын.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана
каржы комитетинин төрагасына жүктөлсүн.
3.Токтом www.avletim.jalal-abad.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4.Токтом мамлекеттик тилде гана жазылды.
Төрага | А.Шырдаков |