Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-декабры № 32/4
«Ардактуу жаран» наамдарын берүү жөнүндө
Авлетим айылдык аймагынын Жергиликтүү жамаатынын Уставынын 31.2 беренесине ылайык жана айылдык кеңештин «Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 16-декабрындагы корутундусунун негизинде, сессия
токтом кылат:
1. «Авлетим айылдык аймагынын ардактуу жараны» наамы төмөндөгү инсандарга ыйгарылсын:
1.1 Мирзахмедов Нурболот Сабыржанович- Кыргыз Республикасынын озгочо кырдаалдар министри ;
1.2 Атантаев Каныбек Рахманбердиевич. Авлетим айыл өкмөтүнүн салык инспектору;
1.3 Бөрүбаев Абдыкалык Акмдалиевич Мукур айылынын айыл башчысы, жүктөгүч трактордун айдоочу- трактористи;
2. «Авлетим айылынын ардактуу жараны» наамы төмөндөгүлөргө ыйгарылсын:
2.1 Сарыбаев Максатбек Мырзабекович- Авлетим айылынын тургуну, фермердик чарбанын жетекчиси.
3. «Ардактуу жаран» наамдары ыйгарылган жарандарга тастыктоочу күбөлүк-баракчаны жана башка тиешелүү белгилерди тапшыруу айыл өкмөтүнүн башчысына (Н.Абдыраманов) милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин «Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына»(К.Жолдошов) жүктөлсүн.
Төрага | А.Шырдаков |