Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
Авлетим айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги отуз экинчи сессиясынын
2019-жылдын 20-декабры № 32/5
«Көчөгө ат берүү жөнүндө»
Авлетим айылдык кеңешинин «Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 16-декабрындагы корутундусуна ылайык, сессия
токтом кылат:
1. Авлетим айыл аймагынын Мукур айылындагы жаңы конуштагы аты жок көчөгө Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, маркум Жээнтаев Көкүнүн ысымы ыйгарылсын.(Көчө Кербен-Авлетим багыты боюнча кеткен жолдун 17- километринен Жээнтаев Асандын үйүнөн башталып, түштүктү карай кетет).
2. Авлетим айыл өкмөтү бул токтомду аткарууга алсын жана өзүнүн маалымат базаларын, иш кагаздарын ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрындагы №160 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын даректерди ыйгаруу жана даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун 25-пунктуна ылайык, тиешелүү өзгөртүү киргизүү боюнча каттоого алуу маселесин кароо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин 23.11.2017- жылдагы №1-11/3666 сандагы катынын негизинде 2020-жылдан тартып аткарууга алуу Аксы райондук жерге жайгаштыруу жана мүлктөргө укуктарды каттоо башкармалыгына сунушталсын.
4. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом www.avletim.jalal-abad.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Жолдошев К.О.) жүктөлсүн
Төрага | А.Шырдаков |