Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
Авлетим айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XXXИ-сессиясынын
2019-жылдын 20-декабры № 32/6
«Авлетим айыл өкмөтүнө караштуу, Авлетим айылындагы А.Кабаев орто мектебинин терезелерин кайра алмаштыруу долбоорун колдоо учун 2020- жылдын бюджетинен каражат бөлүү жөнүндө»
Айылдык Кеңештин «Бюджет жана экономика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 18-декабрындагы корутундусунун негизинде сессия
Токтом кылат:
1. Авлетим айыл аймагынын Авлетим айылындагы «№5-А.Кабаев орто мектебинин терезелерин алмаштыруу» долбоорун колдоо учун 2020- жылдын бюджетининин эсебинен Билим берүү бөлүмүнүн 3111 стаьясына 500 800,00 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Жогорудагы бөлүнгөн акча каражатынын аткарылышы боюнча айылдык кеңештин «Бюджет жана экономика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына билдируу берип туруу жагы айыл өкмөттүн каржы бөлүмүнүн башчысы Б.Абылаевке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин «Бюджет жана экономика» маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.Тургуналиевке жүктөлсүн.
4. Токтом www.avletim.jalal-abad.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана жазылды
Төрага | А.Шырдаков |