Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
Авлетим айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 32-сессиясынын токтому
2019-жылдын 20-декабры № 32/7
Авлетим айылдык кеңешинин 2020-жылдын биринчи кварталы үчүн түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндө
Авлетим айылдык кеңешинин «Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 16-декабрындагы корутундусуна ылайык, сессия
токтом кылат:
1.Авлетим айылдык кеңешинин 2020-жылдын биринчи кварталы үчүн иш планы бекитилсин
2.Иш планды аткаруу боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары айылдык кеңештин регламентине ылайык иш алып барышсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Абдиевге жана айылдык кеңештин жооптуу катчысы У. Барпиевге жуктөлсүн
Төрага | А.Шырдаков |
Авлетим айылдык кенешинин сессиясынын №32/7, 20.12.2019-ж. токтомуна тиркеме
Авлетим айылдык кеңешинин 2020-жылдын биринчи кварталы (январь-март) үчүн түзүлгөн иш планы
Сессияда каралуучу маселелер:
Авлетим айыл өкмөтү тарабынан 2019-жылда жүргүзүлгөн иштердин абалы тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Абдырамановдун отчету жөнүндө.
Авлетим айылдык аймагынын стратегиялык өнүгүү программасынын 2020-жыл үчүн планы жана 2021жана 2022-жылдар үчүн болжолдуу пландары жөнүндө. Маселелерди айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары даярдашат. Жооптуулар: Тургуналиев К, Төлөбаев А, Мырзамамытова А, Жолдошов К.
Авлетим айыл өкмөтүнүн 2020-жыл үчүн бюджетин бекитүү, 2021 жана 2022- жылдар үчүн бюджетинин долбоору жөнүндө.
Авлетим айылдык аймагынын Жайыт комитетинин 2019-жылдагы аткарган иштери жөнүндө Жайыт комитетинин торагасы Ж.Атеновдун отчету жөнүндө. Маселени айылдык кеңештин «Айыл чарбасы жана экология» маселелери боюнча туруктуу комиссиясы даярдайт. Жооптуу: Төлөбаев А.
Авлетим жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Жайыт комитетинин 2020- жылга бюджети жөнүндө.
Маселени айылдык кеңештин «Бюджет жана экономика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясы даярдайт. Жооптуу: Тургуналиев К.
Авлетим айылдык кеңешинин төрагасы: | А.Шырдаков |