Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
Авлетим айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 32-сессиясынын токтому
2019-жылдын 20-декабры № 32/8
Жергиликтүү оз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө
Жогорудагы маселени угуп жана талкуулап, сессия токтом кылат:
1. Эмгек жана социалдык өнүгүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү боюнча Авлетим айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 18-декабрындагы түзгөн келишими бекитилсин.
2. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтом www.avletim.jalal-abad.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдырамановго жүктөлсүн.
Төрага | А.Шырдаков |