Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
Авлетим айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын 33-сессиясынын кезексиз токтому
2019-жылдын 27-декабры № 33/2
«Ардактуу жаран» наамдарын ыйгаруу жөнүндө
Авлетим айылдык Кеңешинин «Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 26-декабрындагы корутундусуна ылайык жана Авлетим айылдык аймагынын жергиликтүүжамаатынын Уставынын 31.2 беренесинин негизинде, сессия
токтом кылат:
1. «Авлетим айылдык аймагынын ардактуу жараны» наамы
Авлетим токой чарбасынын мурдагы кызматкери, учурдагы эмгектин ардагери Абдыразаков Момунбек Ызабековичке ыйгарылсын.
2. «Ардактуу жаран» наамын тастыктоочу күбөлүк-баракчаларды жана «Ардактуу жаран» деген жазуусу бар тасмаларды даярдап, наам ыйгарылган жарандарга тапшырууну уюштуруу айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Абдырамановго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (К.Жолдошев) жүктөлсүн.
Төрага | А.Шырдаков |