Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
Авлетим айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 34-сессиясынын токтому
2020-жылдын 31-январы № 34/1
Авлегим айыл өкмөтүнүн 2019-жылда жүргүзгөн иштеринин жыйынтыктары тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдырамановдун отчету жөнүндө
Айылдык кенештин «Бюджет жана экономика», «Социалдык» жана «Айыл чарбасы жана экология» маселелери боюнча туруктуу комиссияларынын кошмо отурумунун 30.01,2020-жылдагы корутундусуна ылайык. сессия
токтом кылат:
Авлетим айыл өкмөтүнүн 2019-жылда жүргүзгөн иштеринин жыйынтыктары тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдырамановдун отчеттук билдирүүсү кабыл алынсын.
Отчеттук билдирүүнү угууда депутаттар тарабынан айтылган сын-сунуштардын негизинде белгиленген кемчиликтерди четтетүү боюнча иштиктүү чараларды көрүү айыл өкмөтүнүн жетекчилигине милдеттендирилсин.
Токтом www.avletim.jalal-abad.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу
комиссияларынын төрагаларына жүктөлсүн.
Төрага | А.Шырдаков |