Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
Авлетим айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXIV-сессиясынын токтому
2020-жылдын 31-январы № 34/3
«Авлетим айыл Өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджетинин аткарылышын кабыл алуу, Авлетим айыл Өкмөтүнүн 2020-жылга бюджетин жана 2021-2022-жылдардын болжолдуу долборун бекитүү жөнүндө»
Авлетим айылдык Кеңеши кун тартибиндеги маселени карап жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Авлетим айыл Өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетинин аткарылышы жыл башындагы пландан сырткары алымча кошумча уводемлениелер менен №1- тиркемеге ылайык, канааттандырарлык деп табылып, бекитилсин.
2. Авлетим айыл Өкмөтүнүн 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин көлөмү ,өздүк бекитилген киреше 4719,3 (торт миллион жети жүз он тогуз миң уч жүз) сом, теңдөөчү трансферт 5965,7 (беш миллион тогуз жүз алтымыш беш мин, жети жуз)сом, жайыт жерлеринин ижарасынан түшүүчү 608,5 (алты жүз сегиз миң беш жуз) сом сумма менен бюджеттин жалпы суммасы: 11293,5 (он бир миллион эки жүз токсон уч мин, беш жуз) сом, атайын каражаттан ата-энелер төлөмү 1080,0 (бир миллион сексен миң)сом, сумма кошулуп 12373,5 (он эки миллион үч жүз жетимиш үч миң беш жуз) сом суммасында №2 тиркемеге негиз бекитилсин.
3. Жайыт жерлеринин ижарасынан түшүүчү 608,5 (алты жүз сегиз миң беш жуз] сом сумма Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жайыттар жөнүндө» мыйзамынын 11-беренесинин 3-пунктуна негиз учтен бир белугу 155,2 миң сом айыл екметунун бюджетинин чыгаша белугуне ал эми калган 453,3 миң сом «Авлетим жайыт пайдалануучулар бирикмесине» которуп берүүүчүн 704-Бөлүмүнүн 2215-статьясына чегерилсин.
4. Авлетим айыл екметунун 2021-2022-жылдардын болжолдуу долбоорунун бюджети Өздүк бекитилген киреше жана трансферттеринин көлему №3,4- тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Авлетим айыл Өкмөтүнүн 2020-жылдын жергиликтуу бюджетинин чыгаша белугу № 5,6,7,8,9,10-тиркемелерге ылайык, атайын каражаттагы бала-бакчалардын тамак-аш статьясы кошулуп 12373,5 (он эки миллион уч жуз жетимиш уч миң беш жуз) сом менен бекитилсин.
6. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү теңдөөчү трансферт "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга жана 2021-2022-жылдардын долбоорунун Республикалык бюджет жонундогу” мыйзамына негиз биринчи кезекте коргоого алынган статьяларга, коммуналдык чыгымдарга, калган сумма башка керектелүүчү статьяларга жумшалаары белгиленсин.
7. Айыл Өкмөтүнүн бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында өздүк кирешелердин салык жана салык эмес төлөмдөрдүн белгиленген пландарынын ар-бир түрлөрү боюнча аткарууну салык инспекторлоруна милдеттендирилсин.
8. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине негиз жалпы жылдык бюджеттин чыгымдарынын көлөмдөрүнүн 1 пайызга чейинки же болбосо 123,7 (бир жүз жыйырма үч мин, жети жүз)сом өлчөмүндө айыл өкмөтүнүн резервдик фондусу болуп түзүлсүн.
9. Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча маалымат берип туруу жагы каржы бөлүмүнүн башчысы Б.Абылаевге милдеттендирилсин.
10. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин «Бюджет жана экономика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
11. Токтом www.avletim.jalal-abad.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
12. Токтом мамлекеттик тилде гана жазылды.
Төрага | А.Шырдаков |
2019-жылдын киреше болугунун жана алардын аткарылышын карап анализдеп чыкканыбызда томондогудой корсоткучтор менен аткарылды. №1 Тиркеме
№ п/п | Кирешенин аталышы | Жыл башында бекитилген план | Жыл ичинде такталган план | Факт | Аткарылганы % |
1 | Милдеттуу патент | 3000,0 | 3000,0 | 6149,00 | 205,0 |
2 | Ыктыярдуу патент | 246700,0 | 246700,0 | 252510,00 | 102,4 |
3 | Там арка жер участкалары учун жер салыгы | 272400,0 | 272400,0 | 282351,00 | 103,7 |
4 | Айыл чарбасына жарактуу жерлердин жер салыгы | 303500,0 | 303500,0 | 304466,00 | 100,3 |
5 | Айыл чарбасына жараксыз жерлердин жер салыгы | 77100,0 | 77100,0 | 77345,14 | 100,3 |
6 | Жеке адамдардын транспорт каражаттарынын салыгы | 472000,0 | 472000,0 | 594648,35 | 126,0 |
7 | Кыймылсыз мулкко салык | 13800,0 | 13800,0 | 13882,21 | 100,6 |
8 | Сатуудан алынуучу салык | 94000,0 | 94000,0 | 103450,26 | 110,1 |
9 | Киреше салыгы (Подоход салыгы) | 2418000,0 | 2418000,0 | 2620985,04 | 108,4 |
| Жалпы салыктык киреше: | 3900500,00 | 3900500,00 | 4255787,00 | 109,1 |
10 | Жерди кайра болуштуруу фондусунан алынуучу ижара акы | 34600,0 | 34600,0 | 65952,00 | 190,6 |
11 | Ар кандай кызматтар учун толом | 608500,0 | 608500,0 | 608734,00 | 100,0 |
13 | Лицензияны кармап туруу укугуна толом | 106000,0 | 106000,0 | 151835,50 | 143,2 |
15 | Мектепке чейинки болум (кошумча кызмат) | 1080000,0 | 1080000,0 | 885113,00 | 82,0 |
| Жалпы салыктык эмес киреше: | 1829100,00 | 1829100,00 | 1711634,50 | 93,6 |
| Жыйынтыгы | 5729600,00 | 5729600,0 | 5967421,50 | 104,2 |
16 | Максаттуу трансферт |
| 2594000,00 | 2594000,00 | 100,0 |
17 | Тендоочу трансферт | 8084500,00 | 8084500,00 | 8084500,00 | 100,0 |
| Еардык трансферттер | 8084500,00 | 10678500 | 10678500,0 | 100,0 |
| Жалпы киреше: | 13814100,0 | 16408100 | 16645921,5 | 101,4 |