Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
Авлетим айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги отуз төртүнчү-сессиясынын токтому
2020-жылдын 31-январы № 34/5
«Авлетим айыл аймагынын «Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин» жайытты башкаруунун 2020-жыл үчүн бюджетин бекитүү жөнүндө»
Авлетим айылдык өкмөтүнүн алдындагы «Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин» торагасы Ж. Атеновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап жана айылдык кеңештин «Бюджет жана экономика» «Айыл чарбасы жана экология» маселелери боюнча туруктуу комиссияларынын сунуштарын эске алып, сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Авлетим айыл аймагынын «Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин» Жайыт комитетинин 2020-жыл үчүн жалпы бюджета бекитилсин.
2. Авлетим айыл аймагындагы «Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин» 2020-жылга карата киреше бөлүгү 676 519сом жана чыгаша бөлүгү 676 519сом сметасы бекитилсин.
3. «Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин» кызматкерлеринин 2020-жыл үчүн эмгек акы боюнча түзүлгөн сметасындагы эмгек акысы 203 000 сом жана соцфонд чыгымына 35018сом бекитилсин
4. Авлетим айыл округунун аймагындагы жайыт пайдалануучулардан 3% сатуудан алынуучу салыкты, 1 га жер үчүн 13,60 сом жайыт салыгын кошпогондо 1 баш чоң кара мал үчүн
сом, 1баш жаш бодо мал үчүн 45,00 сом, кой-эчки 13,00 сом, жылкы 86,00 сом, эшекке
сомдон толом акысы бекитилсин.
5. Авлетим айыл аймагынын жайыттырына башка айыл аймагынан келген атуулдардын малы үчүн 1 баш чоң бодо малына 130,00 сом, жаш бодо малына 100,00 сом, жылкысына 150,00 сом, кой-эчкисине 30,00 сом, козу-улагына 15,00 сомдон толом акы бекитилсин.
6. Алыскы ГЗЗга чыккан малга 3% салыгынан сырткары 1баш чоң бодо малга 40,00 сомдон 1баш жаш бодо мал үчүн 40,00 сом, 1баш кой-эчки үчүн 8,00 сом, бир баш жылкы үчүн 40,00сом, 1баш эшек үчүн 40,00 сом толом акы бекитилсин.
7. Жайыт инфрастуктурасын оңдоо үчүн 80000.00 сом акча каражаты бекитилсин.
8. КР Финансы Министрлигинин 18.03.2017-жылдагы № 08-2-3/2862 - катына ылайык айыл өкмөтткө 223 790 сом(анын ичинен 62 390 сом жайыт салыгы 5911 сом сатуу салыгы) бекитилсин.
9. Сатуу салыгы үчүн 5911 сом бекитилсин
10. Сапар чыгымына бООООсом, концелярдык товарлар чыгымына 5800сом, транспорт чыгымына ЮОООсом, ж.б чыгымдарга 50000сом бекитилсин. Бул чыгымдардын отчеттору талаптагы документтер менен жабылсын.
11. Кыргыз Жайыты Ассосациясы жана Аксы жайыт Ассосациясынын төлөм акысы үчүн 3000 сом бекитилсин.
12. ЖПБнын ишин жогорку денгээлде уюштуруу элдин жайытка болгон муктаждыктарын чечүү жагы ЖПБнын торагасы Ж. Атеновго милдеттендирилсин.
13. Жайыт билетин жайыт пайдалануучуларга жазып берүү жагы жайыт комитетинин торагасына милдеттендирилсин.
14. ЖПБнын текшерүү комиссиясынын ЖПБ тарабынан отчеттук мезгилде жүргүзгөн иштерин текшерүү боюнча берген малымдамасы көнүлгө алынсын.
15. Токтомдун аткарылышы «Айыл чарба жана экология боюнча» жана «бюджет жана экономика боюнча» туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.
Төрага | А.Шырдаков |