Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
Авлетим айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 34-сессиясынын токтому
2020-жылдын 31-январы № 34/7
«Авлетим айылдык аймагынын «Дейрес-Сай» зонасындагы мал короо жай салуу үчүн жеке менчикке берилүүчү жер жөнүндө»
Авлетим айьшдык кеңешинин «Айыл чарбасы жана экология» жана «Укук , мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссияларынын 2020-жылдын 31 - январындагы кошмо отурумунун №1 протоколуна ылайык, сессия
токтом кылат:
1 Авлетим айылдык аймагынын «Дейрес-Сай» зонасындагы мал короо жай салуу үчүн жеке менчикке берилүүчү жерди Кыргыз Республикасынын «Жер жөнүндөгү» кодексинин, «Жайыт жөнүндөгү» Мыйзамынын жана башка тийиштүү ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык берүү маселесин чечүү Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдырамановго милдеттендирилсин.
2 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин «Айыл чарбасы жана экология» жана «Укук , мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | А.Шырдаков |