Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
Авлетим айылдык кеңешинин VII чакырылышынын отуз төртүнчү сессиясынын токтому
2020-жылдын 31-январы № 34/8
Авлетим айылындагы №6 Үй- бүлөлүк дарыгерлер тобуна (ҮБДТ) маркум Айтмырзаев Жунусбай Атеновичтин ысымын берүү жонүндө
Айылдык кеңештин «Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 30.01.2020-жылдагы корутундусунун негизинде сессия
токтом кылат:
1. Авлетим айылындагы №6 Үй- бүлөлүк дарыгерлер тобуна (ҮБДТ) маркум Айтмырзаев Жунусбай Атеновичтин ысымы ыйгарылсын жана бул мекеме Айтмырзаев Жунусбай атындагы №6 Үй- бүлөлүк дарыгерлер тобу дел аталсын.
2. Авлетим айыл өкмөтү бул токтомду аткарууга алсын жана өзүнүн иш кагаздарынын маалымат базасын ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтом www.avletim.jalal-abad.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (К.Жолдошов) жүктөлсүн
Төрага | А.Шырдаков |