Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
Авлетим айылдык кеңешинин VII чакырылышынын отуз төртүнчү сессиясынын токтому
2020-жылдын 31-январы № 34/9
«Аксы райондук статистика бөлүмү менен Авлетим айыл өкмөтүнүн ортосундагы түзүлгөн эмгек келишимин бекитүү жөнүндө»
Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдырамановдун 30.01.2020-жылдагы №31 сандагы билдирүүсүнө негиз жана «Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиянын корутундусуна ылайык, статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү эки тараптуу келишимди угуп жана талкуулап, сессия
токтом кылат:
1. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү Аксы райондук статистика бөлүмү менен Авлетим айыл өкмөтүнүн ортосундагы эки тараптуу келишим бекитилсин.
2. Токтом www.avletim.jalal-abad.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдырамановго жүктөлсүн.
Төрага | А.Шырдаков |