Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
Авлетим айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 34-сессиясынын токтому
2020-жылдын 31-январы № 34/11
«Ардактуу жаран» наамдарын ыйгаруу жөнүндө»
Айылдык кеңештин «Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 30.01,2020-жылдагы корутундусунун негизинде жана Авлетим айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставынын 31.2 беренесине ылайык, сессия
токтом кылат:
1. «Авлетим айылдык аймагынын ардактуу жараны» наамы төмөндөгү инсандарга ыйгарылсын:
1.1 Базаралиев Абдыжалил Керималиевичке - жеке ишкер;
1.2 Эмил уулу Эркинбекке - жеке ишкер;
1.3 Эркинбеков Кылычбекке - Кыргыз эл аралык университетинин уюштуруу ишгери боюнча проректору;
1.4 Мамбеталиев Кумар Абылкасымовичке - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы курчап турган айлана- чөйрөнү коргоо департаментинин директорунун орун басары.
1.5 Жээнкулов Аскаралы - Коргон айылынын тургуну, эмгек ардагери.
1.6 Барпиев Уметалы Исаковичке - Алетим айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы.
2. «Товар-Сай айылынын ардактуу жараны» наамы төмөндөгүлөрге ыйгарылсын:
2.1 Жолдошов Каныбек Өмүрзакович - Молдо Багыш орто мектебинин уюуштуруучусу;
2.2 Тургуналиев Кенжебек Оросбекович - Товар-Сай айылынын тургуну;
3. Коргон айылынын ардактуу жараны» наамы төмөндөгүлөргө ыйгарылсын:
З.1 Барпыбаев Абдымамыт Рыскулович - Коргон айылынын тургуну.
4. «Ардактуу жаран» наамын тастыктоочу күбөлүк-баракчаларды жана «Ардактуу жаран» деген жазуусу бар тасмаларды даярдап. наам ыйгарылган жарандарга тапшырууну уюштуруу айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Абдырамановго милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Укук, мыйзам жана этика» » маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (К.Жолдошов) жүктөлсүн
Төрага |
А.Шырдаков |