Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
Авлетим айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги отуз төртүнчү сессиясынын токтому
2020-жылдын 31-январы № 34/12
Кыргыз Республикасындагы ХЕЛЬВЕТАС Свис Интеркорпорейшн Ассоциациясынын Филиалы «Жергиликтүү деңгеелде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоорунун 2-фазасынын алкагындагы дараметти көтөрүү гранттарынын каражаттарын бекитүү жөнүндө.
Авлетим айылдык Кенеши күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасындагы ХЕЛЬВЕТАС Свис Интеркорпорейшн Ассоциациясынын Филиалы «Жергиликтүү деңгеелде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоорунун 2-фазасынын алкагындагы дараметти көтөрүү гранттарынын каражаты;экономикалык классификация 1441110 учурдагы жардам элементи менен
Жалпысы: 76700,00 (жетимиш алты мин жети жүз) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин атайын каражатына кириштелсин.
2. Жогорудагы акча каражаттары атайын каражаттын тиешелуу элементтери аркылуу
Жалпысы: 76700,00 (жетимиш алты мин жети жүз) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин атайын каражатынан максаттуу чыгышталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджеттик комиссиясына тапшырылсын
4. Токтом www.avletim.jalal-abad.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана жазылды.
Төрага | А.Шырдаков |